Иранда өзүн кайрымдуулук уюмунун өкүлү деп тааныштырган аял жаңы төрөлгөн ымыркайды 3 миллиард риалга (болжол менен 1100 доллар) сунуштайт. Жарыяда УЗИнин жыйынтыктарынан тартып туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана улуттук ID документтерине чейин берилери, акча наристени алгандан кийин төлөнөрү айтылат.
Бала сатууга мыйзам тыюу салганына карабай, бул өңдүү жарыялар Ирандагы социалдык тармактарда байма-бай жолугат. “Фарда” радиосу жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Телеграм каналдардагы ортомчулар «кайрымдуулукка» жана «асырап алууга» жамынып, ымыркайлар үчүн миллиарддаган риал сурашат.
Айрымдары атүгүл баланын туулгандыгын биологиялык энесинин эмес, башка аялдын атына каттатууга жардам берерин айтышат. Ошондой эле айрым учурларда ымыркайды чет өлкөдө жашаган ирандык үй-бүлөлөргө өткөрүп берүү кызматтары сунушталат.
“Фарда” менен сүйлөшкөн медайымдардын бири 3 миллиард риал «ымыркай үчүн кадимки баа» экенин айткан.
«Белекке» берилген ымыркай
Кош бойлуу аялдарга жана балдарга жардам чогулткан Телеграм каналдардын бири сегиз ай боюнда бар, үйүнөн кууп жиберишкен делген келин тууралуу жарыя жарыялаган. Кийинчирээк ошол эле жарыя анын ымыркайын төрөттөн кийин 1,5 млрд риалга (дээрлик 550 доллар) жана төрөт чыгымдарын кошумча төлөө шарты менен башкаларга берүү сунушуна айланган.
Өзүн «дарыгер» деп тааныштырган каналдын администратору энелери таштап кеткен балдарды асырап алуучу үй-бүлөлөргө жайгаштырарын билдирген.
Анын айтымында, сатып алуучулар баланы жынысына карап тандай алышат, ымыркайлардын ден соолугу жакшы жана ата-энелери баңгизатка берилген эмес деген кепилдик берилет. Ал ошондой эле сатып алуучуларды баланын ата-энеси деп көрсөтүлгөн документтерди даярдап берерин айткан. Бирок “Фарда” бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тастыктай алган эмес.
Башка аялдын атына катталган төрөт
2021-жылы бир ымыркайды АКШдагы ирандык үй-бүлөгө берүүгө көмөктөшкөн төрөт бөлүмүнүн медайымы мындай схемалар кандай иштегенин айтып берген.
Анын сөзүнө караганда, төрт баланын энеси жакырчылыктан улам баласын боюнан алдыргысы келген. Бирок баланы багып алууну каалаган үй-бүлө анын медициналык чыгымдарын жана күнүмдүк жашоосуна кеткен каражаттын бир бөлүгүн төлөп берүүнү сунуш кылган. Ал ымыркайды 700 миллион риалга (ал кездеги курс боюнча болжол менен 2 миң 560 АКШ долларына) сатууга макул болгон.
Медайымдын айтымында, УЗИ жана анализдер асырап алуучу эненин атына катталган жана наристе кыз ошол ат менен ооруканадан чыгарылган. Медайым айтып бергендей, эки аял эч качан жолуккан эмес, ал эми наристени төрөлгөндөн бир ай өткөндөн кийин АКШга алып кетишкен. Журналисттер бул маалыматтарды өз алдынча бышыктай алган жок.
Медайым сөзүн улантып, кээ бир учурда асырап алуучу эне баланы өзү көтөрүп жүргөндөй көрсөтүү үчүн кенен көйнөк кийип, сахналаштырылган сүрөттөрдү колдонушарын баяндап берди.
Ирандын мыйзамдары чет өлкөлөрдөгү ирандыктарга Ислам жумуриятынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аркылуу камкордукка кайрылууга уруксат берет, бирок кээ бир үй-бүлөлөр бул жолдон качышат.
Көп жылдан бери келаткан көйгөй
Мамлекеттик оорукананын төрөт бөлүмүндө иштеген дагы бир медайым ай сайын кеминде эки жаңы төрөлгөн ымыркай Мамлекеттик социалдык камсыздоо мекемесине өткөрүлөрүн айткан. Анын билдиришинче, мындай учурлар көбүнчө баланын энеси маңзатка берилген же үй-бүлөнүн баланы багууга мүмкүнчүлүгү жок болгондо жолугат.
Ирандын бийлиги бала сатуу көрүнүшү көп жылдан бери бар экенин моюнга алат. 2022-жылы Социалдык камсыздоо мекемесинин жогорку кызматкери мындай учурлар көбөйүп жатканын билдирсе, ошол эле жылы Тегерандын кибер коопсуздукка көз салган полициясы интернеттен ымыркай сатууга аракет кылган топ кармалганын маалымдаган.
Бирок төрт жылдан ашык убакыт өткөнүнө карабай бала сатам деген сунуштар Телеграм каналдарда дагы эле кездешип жатат.
Шерине