Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

АКШда Конгресске шайлоо өтүп жатат

АКШнын Техас штатындагы Даллас шаарында курулуш жумушчусу элди шайлоодо добуш берүүгө чакырган жарнактын жанынан өтүп баратат. 2-ноябрь, 2026-жыл.
АКШнын Техас штатындагы Даллас шаарында курулуш жумушчусу элди шайлоодо добуш берүүгө чакырган жарнактын жанынан өтүп баратат. 2-ноябрь, 2026-жыл.

3-ноябрда АКШда Конгресске аралык шайлоо өтүп жатат. Шайлоочулар Өкүлдөр палатасынын жаңы курамын аныкташат (бардык 435 орун). Ошондой эле Сенаттагы 100 орундун 25и үчүн күрөш жүрүүдө.

Расмий добуш берүү күнү 3-ноябрь болгону менен, 50 миллионго жакын адам мөөнөтүнөн мурда добуш берди.

«Америка добушу» белгилегендей, 2022-жылдагы шайлоодо жалпысынан 112 миллионго жакын адам добуш берген. АКШда 210 миллиондон ашуун киши шайлоочу катары каттоодон өткөн.

Учурда Конгресстин эки палатасын тең президент Дональд Трамптын Республикалык партиясы аз гана артыкчылык менен көзөмөлдөп турат. Сурамжылоолорго ылайык, Өкүлдөр палатасына шайлоодо демократтардын жеңишке жетүү ыктымалдыгы жогору.

Эгер демократтардын талапкерлери чечүүчү мааниге ээ штаттарда ийгиликтүү жыйынтык көрсөтсө, алар Сенатта да көпчүлүк орунга ээ болушу мүмкүн. Мындай штаттардын арасында Мичиган, Айова, Канзас, Аляска, Түндүк Каролина жана Огайо бар.

Техастагы шайлоо өзгөчө кызыгуу жаратууда. Бул штатта Демократиялык партиянын талапкери 40 жылдан ашуун убакыттан бери жеңе элек. Азыр сурамжылоолорго караганда, демократ Жеймс Талариконун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү анын атаандашы Кен Пакстондукуна караганда бир аз жогору.

Президент Трамп шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышып, тарапташтарын добуш берүүгө чакырды. Ал өзү шайлоого катышпаса да, республикачылар бюллетенде Трамптын аты-жөнү жазылгандай добуш бериши керектигин белгиледи.

Трамптын айтымында, эгер демократтар Конгрессти көзөмөлгө алса, анын администрациясынын демилгелерине бөгөт коюп, президентке импичмент жарыялоо жараянын башташы мүмкүн.

Шайлоо өнөктүгүнө күйүүчү майдын кымбатташы да таасир этүүдө. Трамптын оппоненттери муну президенттин Иранга каршы баштаган аскердик операциясынын түздөн-түз кесепети деп эсептешет.

Ал эми Трамп жоопкерчиликтин бир бөлүгүн Украинадагы согушка, анын ичинде Украинанын Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдорго жасаган соккуларына жүктөгөн.

Көптөгөн демократтар Ирандагы согушту жана администрациянын Израилге карата саясатын сындап жатышат. Алар ошондой эле Трамптын администрациясын авторитардык башкарууга ыктап жатат деп айыпташууда.

Трамптын тарапташтары болсо АКШ экономикасынын жалпы абалы жакшы экенин, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш жүрүп жатканын жана Американын дүйнөдөгү позициясы бекемделгенин белгилешүүдө.

Республикачылардын шайлоо өнөктүгүн дүйнөдөгү эң бай адам Илон Маск да активдүү каржылоодо. Акыркы маалыматтарга ылайык, ага таандык түзүмдөр республикачыларды, анын ичинде Техастагы талапкерлерди колдоо үчүн 445 миллион доллардан ашуун каражат бөлгөн.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG