Өрттө чарчап калгандар эки бир туугандын балдары. Алар сегиз, алты, беш жана үч жашта болчу. Сегиз жашар баланы атасы жакында эле Оштон Мырза-Арыкка эс алууга таштап кеткен. Калган наристелердин ата-энеси Орусияда иштеп жүргөн. Аларды чоң энеси карачу.
"Улуу иним эс алуу күндөрү апамдан кабар алып кетейин деп келип, баласын таштап кеткен. Эң кичине иним Орусияда болчу. Улуу инимдин бул уулу экинчи класста окучу. Атасы банкта иштейт. Келиним жаш баласы менен үйдө. Кичүү инимдин үч баласы бар эле",- деди чарчап калган балдардын эжеси Жибек Таникулова.
Өрт электр тогунан улам тутанганы айтылууда. Үйдүн дээрлик 70% күйүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабар кечирээк жетип калганын, өрт түнкү саат 03:50 чамасында өчүрүлгөнүн билдирди. Үйдү жубайлар миграциядан тапкан каражатына жакында эле куруп бүткөн экен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Эрланбек Мусаев буларды билдирди:
"Жерине биздин бөлүм 14 мүнөттө жетип келген. Бул өрт түнкү саат 1:30да эле башталган экен. Эки өрт өчүрүүчү машина иш алып барган бул жерде. Ичинде энеси менен алтоо болушкан. Энеси менен дагы бир 2010-жылкы небереси болгон. Алар терезеден чыгып кеткен. Калган 2018, 2020, 2021, 2023-жылкы төрт небереси башка бөлмөдө жатышкан. Ошол бөлмөдө ууланып каза болуп калган. Күйүп да калышкан" .
Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов экспертиза жүрүп жатканын, бардык тиешелүү тармактар карап чыккандан кийин тилсиз жоонун себеби тууралуу жыйынтык чыгарыларын айтты:
"Турак жай кепилдик баракчасын алганбы, алган эмеспи, башка шарттарын да карап, анан жардам бергенге аракет кылабыз", - деди ал.
Бул окуядан кийин өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов кайрылуу жасап, элди өрт коопсуздугун сактоого чакырды. Ал акыркы убактарда адам өлүмү менен коштолгон өрт кырсыктары көп катталып жатканын белгилеп, элди өрт коопсуздугуна кайдыгер мамиле кылбоого чакырды.
"Электр жабдууларын туура пайдалануу, бузук же кооптуу зымдарды колдонбоо жана үйдөгү өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу - ар бирибиздин милдетибиз. Өрт кайдыгерлик мамилени кечирбей турганын турмуш көрсөтүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бардык жарандарды өрт коопсуздугун жана электр энергиясын колдонуу эрежелерин так сактоого чакырат. Ар бирибиз өз үй-бүлөбүздүн жана балдарыбыздын коопсуздугуна жоопкерчилик менен карайлы!", - деп жазылган министрдин кайрылуусунда.
Былтыр октябрда да Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы келин беш баласы менен каза болгон.
Макаланын авторлору "Азаттыктын" Оштогу кабарчылары:
Шерине