Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Кожомкул айылында мектептен чыккан өрт өчүрүлдү

Өрт кырсыктарынын бири. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды.
Өрт кырсыктарынын бири. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды.

29-октябрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы Горький көчөсүндө жайгашкан мектептен өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай билим берүү мекемесинен чыккан өрт саат 12:09да чектөөгө алынып, саат 12:36да толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Агартуу министрлиги өрт мектептин экинчи кабатынын 27 кабинетинен саат 11:20да чыкканын, билим берүү мекемесинин администрациясы 1200 окуучуну эвакуациялап, колдогу өрт өчүрүүчү шаймандар менен тилсиз жоону өчүрүүгө аракет кылганын билдирди. Мектеп 30-октябрда онлайн окууга өткөрүлдү. (BTo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG