14-ноябрда Франциянын бир нече шаарларында өткөн нааразылык акцияларына Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 106 миң адам катышты.
Ал эми демонстрацияларды уюштурган кесиптик кошуундар катышуучулардын санын 200 миң деп айтышты. Парижде акцияга 24 миңдей адам чыкты.
Франциялыктар беш жумадан бери өкмөттөн бюджеттик жана социалдык саясатты кайра карап чыгууну талап кылып, ишемби сайын жүрүшкө чыгышууда. Алар баалардын өсүшүнө, жашоо наркынын кымбатташына, билим берүү жана социалдык жардам сыяктуу мамлекеттик кызматтардын сапатынын төмөндүгүнө нааразылыгын билдирип жатышат. Ошондой эле балдарды коргоого жетиштүү көңүл бурууну талап кылып, полициянын зомбулугуна каршы чыгышты.
Акыркы маселе парламентте полициянын ыйгарым укуктарын кеңейтүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жаткан шартта өзгөчө актуалдуу болуп калды. Эгер мыйзам кабыл алынса, полиция кызматкерлеринин курал колдонушу демейки шартта өзүн-өзү коргоо катары эсептелет. Мыйзам долбооруна каршы чыккандар мындай өзгөртүү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган полиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну кыйындатат деп эсептешет. Алар долбоорду "өлтүрүүгө уруксат берүүчү мыйзам" деп аташууда.
Коомдук тартипти сактоо үчүн өлкө боюнча 70 миңдей полиция кызматкери тартылды. Парижде полиция менен демонстранттардын ортосунда бир нече кагылышуу болду. Нант жана Бордо шаарларында жүрүшкө чыккандар макулдашылган маршруттан четтегенден кийин полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Лиондо демонстранттар баррикаданы өрттөшкөн.
Жалпысынан 121 адам кармалды. Бирок Ички иштер министрлиги 14-ноябрдагы акциялар өлкө боюнча салыштырмалуу тынч өткөнүн кабарлады.
Франциядагы эң ири кесиптик кошуундардын бири - Жалпы эмгек конфедерациясынын (CGT) баш катчысы Карл Гази бир жарым айдан бери жума сайын өткөрүлүп жаткан жүрүштөрдөн улам коомдо "нааразылык акцияларынан чарчоо" сезими топтолуп жатканын мойнун алып, бул көрүнүштү да эске алуу зарылдыгын билдирди.
Шерине