ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

Балдар үчүн ишеним телефонуна жыл башынан бери 543 кайрылуу түштү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл январь-октябрь айларында "Балдар үчүн ишеним телефону" борборуна балдардан 1582 чалуу түшкөн. Алардын 331и психологиялык жабыркоого, 178и балдарга карата ырайымсыз мамилеге жана зомбулукка, 34ү суицидге байланыштуу болгон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тараткан маалыматка ылайык, балдардан түшкөн кайрылуулардын арасында социалдык тармактар аркылуу коркутуу жана опузалоо учурлары да бар. Бул маселе боюнча 38 бала ишеним телефонуна кайрылган. Ал эми балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу беш чалуу түшкөн.

Балдар көбүнчө тарбия, жүрүм-турум жана ата-энелер менен болгон мамилеге байланыштуу маселелерди да көтөрүшкөн. Бул багытта 627 бала чалган. Финансылык, юридикалык жана башка жардам сурап 66 бала кайрылса, үй-бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар боюнча 17 кайрылуу катталган.

Билим берүү системасына байланыштуу 86 бала кайрылган. Медициналык жардам жана камсыздоо маселеси боюнча 28, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана башка уюмдардын ишине даттануу менен 14 бала чалган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылы милициянын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 22 миң 152 факты катталган. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголуп, мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган.(ZKo)



XS
SM
MD
LG