ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:42

Президенттин Ысык-Көлдө эл менен жолугушуусунда Ширшов, Иманов тууралуу айтылды

Ширшов жана Иманов. "Азаттыктын" коллажы
Ширшов жана Иманов. "Азаттыктын" коллажы

Президент Садыр Жапаров 13-ноябрда Ысык-Көл облусунда эл менен жолугушууда суроолорго жооп берип жатып Алексей Ширшов Каракол шаарына болжол менен 100 миллион доллар өлчөмүндө демөөрчүлүк жардам көрсөткөнүн билдирди.

Бул маселе Чолпон-Атанын өзүн Өмүрбек Жигитбеков деп тааныштырган тургуну шаарды өнүктүрүүгө Караколдой эле колдоо көрсөтүү өтүнүчүн айткандан кийин көтөрүлдү.

"Эмне кылайын, Чолпон-Атага Ширшовду мэр кылып берейинби?" - деген Жапаров Каракол шаарынын мэри Талант Иманов Ширшовдун алысыраак кайниси болорун, ал жездесинен шаарга каражат суроосуна уруксат бергенин айтты.

Жапаров Чолпон-Ата менен Балыкчы шаарларына быйыл бир миллиард сомдон бөлүнгөнүн белгиледи.

Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып келаткан Алексей Ширшов тууралуу Жапаров буга чейин да бир нече жолу комментарий берген.

Алексей Ширшовду мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү катары атап келишет. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган.

2022-жылы камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда президент Садыр Жапаров түшүндүрмө берген. Анда Алексей Ширшов менен жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Алексей Ширшовго кылмыш иш козгобогонун, издөөгө албаганын айткан. Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Алексей Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.

2026-жылы сентябрда Алексей Ширшов өзүнүн атындагы фондду “жеке каражатынын эсебинен каржылап жатканын”, “эч кандай саясий дымагы жок экенин”, “Каракол жубайынын туулган жери болгондуктан тандалганын” айткан видеотасма жарыяланган.
Алексей Ширшов муну менен биринчи жолу коомчулукка ачыкка чыккан. Буга чейин ал Кыргызстанга байма-бай келип, айрым мамлекеттик иштерге да аралашканы тууралуу сөздөр айтылып, бийлик аны четке каккан. (ZKo)

​
XS
SM
MD
LG