13-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент комитетинин депутаттары өлкөнүн акыйкатчысы менен чогуу Бишкектеги №21 мекемеге (Тергөө абагы-1) мониторинг жүргүзүштү. Алар абактагы кармоо шарттары жана камакта кармалган адамдардын укуктарынын сакталышы менен таанышты. Абакта кармалып тургандар менен түздөн-түз баарлашып, арыз-даттанууларын угушту.
Депутат Мирлан Жээнчороевдин Фейсбукта билдиргенине караганда, депутаттар аталган абакта кармалып турушкан Максат Кунакунов, Кадырбек Атамбаев жана Темирлан Султанбеков менен да жолугушту.
"Максат Кунакунов менен болгон баарлашууда анын уулунун өлүмүнө байланыштуу депутаттык комиссия түзүлгөндүгү маалымдалды".
Мирлан Жээнчороев мониторингдин жыйынтыгында кабыл алынган кайрылуулар каралып, камактагы адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады.
Учурда аталган тергөө абагында жалпы 1 474 адам, анын ичинде 120 аял кармалып турат. (ZKo)
Шерине