Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров айрым адамдардын "улут аралык кагылышты" көздөп жатканы тууралуу билдирүүсүнө түшүндүрмө берди. Ал 13-ноябрда Ысык-Көлдө жергиликтүү эл менен жолугушканда улуттар аралыкты жаңжалды уюштуруу аракети жок экенин, бирок бул тууралуу сөз кылган адамдар болуп жатканын тактады.
“Бир кабинкага кирип алып, чай ичип жатканда “эмне кылсак президентти утабыз” деп сөз кылып атышса, алардын бирөө “улут аралык, кыргыз-өзбек кылып жибериш керек, ошондо шайлоо өтпөй калат” деп жатпайбы. Ошондуктан, мен эскертүү иретинде кайрылуу жасап койдум” - деди Жапаров.
Ал кайсы адамдарды сөз кылып жатканын тактаган жок. Жапаров өлкөдө туруктуулукту жана коопсуздукту толук камсыздоого мамлекеттин, укук коргоо органдарынын дарамети жетерин белгиледи.
12-ноябрда ал шайлоо алдында “түштүктө өзбек-кыргыз ортосунда чыр чыгаргысы келген, арам ойлуу саясатчылар” тууралуу маалымат алганын Фейсбуктагы баракчасына жазган.
Президенттин мындай билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып, кооптонууну жараткан.
Ал эми Кыргызстанда жашаган өзбек тектүү элдин Улуттук маданий борбору билдирүү таратып, Кыргызстанда тынчтыкты, туруктуулукту жана улуттар аралык ынтымакты сактоого чакырып, президенттин бул багыттагы кайрылуусун колдой турганын билдирген.
Шерине