ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Президенттин "иниси аралашкан" деген иштин чоо-жайы боюнча маалымат берилди

Садыр Жапаров эл менен жолугушууда.
Садыр Жапаров эл менен жолугушууда.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү эл менен жолугушууда жергиликтүү тургун көл жээгиндеги "Новел" пансионатын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кылмыш ишин козгоп, тартып алганын, ага мамлекет башчынын жакыны аралашып жатканын айтып, даттанды. Жапаров андан жакыны делген адамдын аты-жөнүн ачык айтуусун талап кылганда ал иниси Аскар экенин билдирди.

Садыр Жапаров бул иш боюнча маалыматы бар экенин айтып, даттанган адамды кылмыш төбөлдөрү менен кошо орусиялык инвестордон тартып алгансыңар деп айыптады.

"Орус ишкерге пансионатты 35 млн долларга салдырып туруп анан кубалап ийгенсиңер да криминал менен кошо. Ал орус Аскарбек иним аркылуу келген мага. Криминалдар бар кезде салдырып, салгандан кийин коркутуп, "бул жакка келсең өлтүрүп коебуз" деп кубалап жиберишет. Камчы Көлбаевдин балдары менен бирге кылышкан булар. Анан мага 2022-жылы иним аркылуу арызданып келет. "Ушинтип тартып алып, криминал бизди кубалап ийди эле. Мына азыр силер криминалга каршы күрөшүп атасыңар. Бир тууганың президент криминалды жок кылып жатыптыр, бизден тартып алган" дегенде чакыр деп, кабинетке чакыртып, УКМКга тапшырып, кайтартып бергенмин. Ал Аскарбек аркылуу келсе бу киши "Аскарбек алды" деп ойлосо керек да, ал Аскарбекке эмес, орустарга кайтарылып берилген. Аллах төбөдө карап турат, бир пайыз да үлүшү жок ал пансионатта", - деди Садыр Жапаров.

Президент мурдагы башчылардын тушунда ишкерлердин бизнесин басып алуу, тартып алуу көп болгонун, андай жүз иш турганын, бул бирөө гана экенин белгиледи.

Садыр Жапаров ошол эле жерден УКМК өкүлүнө тапшырма берип, аталган пансионат боюнча так, ээсин көрсөтүп, кайсы жылы, канчага салынганы, тартып алышканы, кайтарылганы боюнча толук маалыматты жарыялоону талап кылды.

Ошол эле күнү, 13-ноябрда УКМК «Новел» эс алуу борбору мекеменин балансына өткөрүлбөгөнүн маалымдады.

"Чет элдик инвесторго таандык мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жабырлануучу тарапка келтирилген чыгым толугу менен өндүрүлгөн. Анын ичинде мүлкүнө «Новел» эс алуу борбору кирген «Айсео» ЖЧКсынын уставдык капиталындагы 100 пайыздык үлүш жабырлануучу тарапка өткөрүлүп берилген. Ошентип, «Новел» эс алуу борбору УКМКнын балансына өткөрүлгөн эмес. Бул объект «Айсео» ЖЧКсынын мүлк курамына кирет. Ал эми компаниянын уставдык капиталындагы үлүш жабырлануучу тарапка келтирилген чыгымдын ордун толтуруу максатында берилген", - деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаа мамлекетке алынганы айтылган.(ZKo)

​
XS
SM
MD
LG