ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Астанада "асмандан доллар" жаады. Казакстандагы коррупция

Нурлан Жакупов, Елжас Отыншиев
Нурлан Жакупов, Елжас Отыншиев

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев улуттук бакубаттуулук фонду – "Самрук-Казына" компаниясынын башкармасынын төрагасы Нурлан Жакупов жана "Казакстан темир жолу" компаниясынын башчысы Елжас Отыншиевдин кармалышына байланыштуу Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү.  

Президент бул мамлекеттик компанияларда коррупция күч алып жатканын көрсөткөн өтө олуттуу жагдай деп билдирди. Эки жогорку менежердин аттары аталган коррупциялык иштер кошуна өлкөдө чоң резонанс жаратты.

13-ноябрда Токаев Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында "Самрук-Казына" фонду менен "Казакстан Темир Жолу" (КТЖ) компаниясынын жетекчилеринин кармалышына байланыштуу билдирүү жасады.

Ал бул жагдайды "мамлекеттик компанияларда коррупция күч алганын көрсөткөн өтө олуттуу көрүнүш" деп атады.

Токаевдин айтымында, 2023-2025-жылдары өлкөдө коррупциялык мүнөздөгү 3 миң 168 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Алардын 2 миң 165ин мамлекеттик кызматкерлер жасаган. Ал эми быйылкы жылдын алгачкы он айында дагы 751 мыйзам бузуу катталган.

"Бул статистика өлкөбүздөгү коррупциялык абалдын олуттуу экенин көрсөтүп турат. Бирок биз эч нерсени жашырбайбыз, башын кумга катып алган төө куштай болбойбуз. Бардык көйгөйлөрдү ачык-айкын айтып, жемкорлукту жоюу үчүн көрүлгөн жана көрүлө турган чаралар тууралуу да элден эч нерсе жашырбайбыз", - деп айтты кошуна өлкөнүн президенти.

Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматтарына жана Башкы прокуратурага бул иштерди кылдат иликтөөнү тапшырды.

Мындан сырткары өкмөт менен көзөмөлдөөчү органдарга 24-ноябрга чейин мамлекеттик сектордогу коррупцияны азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу милдетин жүктөдү.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү. Астана, 13-ноябрь 2026-жыл
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү. Астана, 13-ноябрь 2026-жыл

Токаев "Самрук-Казынанын" жана КТЖнын иши токтобой турганын, компаниялар кадимки режимде ишин уланта берерин билдирди. Мамлекеттик каражаттардын натыйжалуу сарпталышын атайын мамлекеттик комиссия көзөмөлдөйт. Анын курамы кийинки жумада жарыяланмакчы.

Президенттин маалыматына ылайык, учурда Башкы прокуратура мыйзамсыз алынган жалпы суммасы 1,3 триллион теңгеден ашкан активдерди мамлекетке кайтарып берген. Бул каражат 466 социалдык жана инфраструктуралык объектилерди курууга жумшалган.

Бир күн мурун Казакстандын улуттук коопсзудук комитети 11-ноябрда мамлекеттик эки компаниянын жогорку жетекчиси кармалганын, алар коррупцияга айыпталып жатканын билдирген:

"2026-жылдын 11-ноябрында Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы "Самрук-Қазына" акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Н. Жакупов жана "Казакстан темир жолу" улуттук компаниясынын башчысы Елжас Отыншиев, ошондой эле коррупциялык кылмыш жасаган деп шектелген башка адамдарды кармады. Иштин чоо-жайын аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө".

Комитет тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу башка маалымат азырынча жарыяланбай турганын белгиледи. Жакыпов менен Отыншиевдин адвокаттарынын жалпыга маалымдоо каражаттарына комментарий бергени тууралуу кабар азырынча жок.

"Самрук-Казына" менен КТЖ жетекчилеринин кармалганы тууралуу маалымат тараган күнү интернетте Астанадагы «Атлант» турак жай комплексинин жанында 100 долларлык купюралардын таңгактары чачылып жаткан жана чемодандар тартылган видео кеңири тараган. Видеодо күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен полиция кызматкерлери да байкалат.

Акча толтурулган чемодандардын сөз болгон адамдарга тиешеси барбы же жокпу белгисиз. Маалымат каражаттары кармалгандардын биринин аялы тинтүү маалында акча толтурулган чемлдандарды терезеден ыргыткан деп жазышууда. Бирок бул маалымат бышыкталган жок.

"Башын кумга катып алган төө куштай эмеспиз". Токаев эмнеге ачууланды?

No media source currently available

48 жаштагы Нурлан Жакыпов бул кызматка 2023-жылдын апрель айында дайындалган.

Ага чейин ал болжол менен үч жыл бою чет өлкөлүк инвесторлорду тарткан "Kazakhstan Investment Development Fund (KIDF) Management Company" Ltd компаниясын жетектеп келген.

Буга чейин Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов "Самрук-Казынанын" директорлор кеңешинин жыйынында инвестициялык долбоорлор өз убагында ишке ашпай жатканын белгилеп, фонддун жана анын туунду компанияларынын жетекчилерин сындаган.

Елжас Отыншиев "Казакстан Темир Жолу" (КТЖ) улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы болуп быйыл июль айында эле дайындалган.

Ага чейин «Самрук-Казына» фондунда стратегия жана активдерди башкаруу боюнча бөлүмүнүнүн жетекчиси болуп иштеген. Фондго келгенге чейин "Kazakhstan Investment Development Fund (KIDF) Management Company" Ltd компаниясында эмгектенген.

"Самрук-Казына" - Казакстандын 2008-жылы негизделген улуттук бакубаттуулук фонду. Анын жалгыз акционери – казак өкмөтү. Фонд өлкөнүн мунай-газ, транспорт, энергетика жана телекоммуникация тармактарындагы эң ири активдерин, анын ичинде "КазМунайГаз", "Казатомпром", КТЖ, Air Astana, "Казактелеком" жана KEGOC компанияларын башкарат.

2023-жылы президент Касым-Жомарт Токаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеп келген фонддун башкаруу кеңешин тараткан.

Кошуна өлкөдө жогорку кызматтагы аткаминерлер менен мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга шектелип кармалганы тууралуу маалыматтар көп чыгат. Бирок эксперттер коррупция деңгээли олуттуу азайган жок деп эсептешет.

Transparency International уюмунун 2025-жылдагы Коррупцияны кабыл алуу индексине (CPI) ылайык, Казакстан 182 өлкөнүн ичинен 38 упай менен 96-орунду ээлеген. Ал эми 2024-жылы өлкө 40 упай алып, 88-орунда турган.

Ошондой эле Европа кеңешинин Коррупцияга каршы мамлекеттер тобу (GRECO) өз баяндамасында Казакстан коррупцияга каршы күрөш жаатында бир катар мыйзамдык жана институционалдык реформаларды жүргүзгөнүнө карабастан, мурда берилген сунуштардын көбү дагы эле толук аткарылбаганын белгилеген.

​
XS
SM
MD
LG