- Монголиядагы казактарга каршы социалдык тармактардагы нааразылыкка эмне түрткү болду? Бул маселе кайдан чыкты?
- Монголия парламентинин мүчөсү, депутат Мөнхтөрийн Нарантуяа-Нара казак элине, анын ичинде Баян-Өлгей аймагында жашаган казактарга каршы көп жагымсыз пикир айтты. Ал парламенттин трибунасынан да "алар мамлекеттин мойнунда отурушат", "монгол тилин билишпейт" деген сыяктуу негизсиз жана жалган айыптарды келтирди. Кийин бул пикир социалдык тармактарда кеңири жайылды. Буга Монголиянын башка жарандары да кошулуп, маселе чоң талкууга айланды. Албетте, Баян-Өлгейдеги казактар да карап турган жок, алар өз жүйөлөрүн социалдык тармактар аркылуу билдиришти. Июнь айынан бери уланып келе жаткан бул талаш акырында улут аралык кеңири талкууга айланды.
- Сиз атап өткөн депутат Нарантуяа-Нара мурда ырчы жана блогер болгон экен. Ал казактар тууралуу эмне үчүн мындай билдирүү жарыялап жатат? Ага эмне түрткү болду?
- Жалпысынан Баян-Өлгей аймагында казактар гана эмес, Монголиядагы тывалар, дөрбөттөр, буряттар, уранхайлар сыяктуу башка да улут өкүлдөрү жашайт. Ошондуктан казактар тууралуу "алар ошол жердеги дөрбөттөрдүн жерин тартып алды", "тывалар менен уранхайларга кысым көрсөттү" деген сыяктуу жалган айыптар да айтылды.
Чынында, 1991-жылы тарыхый мекенибизге көчүп келгенге чейин биз Монголияда жашап, ошол өлкөнүн жарандары болгонбуз. Ата-энелерибиз Монголияга кызмат кылышкан, бирок монгол элине же ал өлкөдө жашаган башка улуттарга кысым көрсөткөн учур биздин тарыхыбызда болгон эмес. Албетте, бирин-серин турмуштук майда жаңжалдар кездешип турган, бирок алар эч качан азыркыдай улуттук деңгээлдеги талкууга айланган эмес.
Биз Монголияны демократиялык өлкө деп эсептейбиз. Ал жакта эки негизги партия бар: коммунисттик жана демократиялык. Былтыркы шайлоодо парламентке казак улутундагы беш жаран өткөн. Алардын бири - министр Тилеухан Аубакир.
Жалпысынан казактар Монголияга мындан 150 жылдай мурда көчүп барышкан. Ошол жылдар аралыгында казактардын арасынан 21 министр, канчалаган парламент депутаттары, миңдеген офицерлер, билим берүү жана илим тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү чыккан. Алардын баары Монголияга ак кызмат кылган адамдар. Мисалы, менин атам Саратовдогу аскердик окуу жайды бүтүрүп, Монголиянын армиясында 29 жыл үзгүлтүксүз кызмат өтөгөн.
Азаттык: Социалдык тармактарда жергиликтүү монголдор Баян-Өлгейдеги казактарды "монгол тилин билишпейт, монголдордун салт-санаасын карманышпайт" деп айыптап жатканын байкадым. Чынында эле ушундайбы? Баян-Өлгейдеги казактар монгол тилинде сүйлөйбү?
Асылбек Баяжума: Жок, бул чындыкка дал келбеген маалымат. Баян-Өлгейдеги казактардын басымдуу бөлүгү монгол тилин билет. Албетте, алыскы айылдарда, тоо арасында мал чарбачылыгы менен алектенип жашаган адамдардын арасында тил жагынан кыйналгандар бар. Бирок маселе тилди билгенде же билбегенде эмес. Алар Монголиянын жарандары. Ошол мамлекетке кызмат кылып, салык төлөп, анын өнүгүшүнө салым кошуп жатышат. Ошондуктан аларды "тилибизди билишпейт, мыйзамыбызга баш ийишпей" деп айыптоонун өзү чоң жаңылыштык.
Учурда Баян-Өлгейдеги көптөгөн мектептерде казак тили жана адабияты сабактары кыскарып, монгол тилин окутуу күчөп жатат. Эки-үч жыл мурда Дүйнөлүк казактар ассоциациясынын делегациясын жетектеп барганымда азыркы жаштар, тескерисинче, монгол тилинде көбүрөөк сүйлөшөрүн байкагам. Казак жана монгол тилдерин аралаштырып колдонгондор да бар. Ошондуктан алдыдагы 10-15 жылда ал жакта казак тилин билгендердин саны азайышы мүмкүн.
Азаттык: Ар бир өлкө өзүнүн маданиятын жана тилин өнүктүрүүнү каалайт, саясатын да ошол багытта жүргүзөт. Жер-суу аталыштарын да өз тилине ылайык өзгөртөт. Казакстанда да акыркы жылдары түндүк аймактардагы орусча аталыштардын казакчаланып жатканын көрүп жүрөбүз. Ошондой эле Казакстанда төрөлүп-өскөн башка улуттун өкүлдөрү казак тилинде сүйлөй албаса, социалдык тармактарда сынга кабылышат. Монголиядагы кырдаал да ушуга окшош эмеспи?
Асылбек Баяжума: Ооба, бирок биздин мамлекетте казактар, негизги, мамлекетти түзүүчү улут. Биз башка улут өкүлдөрүнүн өлкөбүздө жашашын каалайбыз, алардын буга Конституцияда кепилденген укугу бар. Ошол эле учурда алардын биздин тилди билишин да каалайбыз. Бул туура, мен да ушундай позицияны колдойм.
Монголия да "казактар монгол тилин билиши керек" деген саясат жүргүзүп жатат. Бирок Монголиядагы казактардын саны 150 миңге жакын. Аларга басым жасоонун ордуна Монголия башка жолду тандап, тил үйрөтүүчү борборлорду ачып, өз тилин үйрөтүшү керек эле.
Казакстанда да тил үйрөтүүчү акысыз борборлор бар. Ал жакка башка улуттун каалаган өкүлү барып, тил үйрөнүп, сертификат ала алат. Ушундай ыкмаларды колдонгон туура. Ал эми мыйзам менен коркутуп, тилди күч менен үйрөтүү келечекте жакшылыкка алып барбайт.
Азаттык: Монголиядагы казактар эмне үчүн ушул күнгө чейин ал жактан кеткиси келбейт? Туулган жер, өскөн аймак дегенибиз менен, түпкүлүгүндө өлкөдөгү негизги улут өз саясатын жүргүзөт, ага көнүүгө туура келет. Эгер алар урпактарынын казак болбой калуу коркунучуна чындап тынчсызданышса, эмне үчүн баары Казакстанга көчүп келишпейт?
Асылбек Баяжума: Бул маселе эми гана көтөрүлүп жатат. Ага чейин казактар бул өлкөдө 150 жылга жакын жашап келишти. Ал жерде ата-бабалары көмүлгөн, ал жерде бир чоң элдин тарыхы жатат. Казактар бул жерге келгенге чейин да, келгенден кийин да оор кыйынчылыктарды баштан кечирип, далай алааматты көрүштү. Согуштан кийин да узак убакыт тынчтык болгон жок. Бирде орустар, бирде кытайлар, бирде монгол өкмөтү кысым көрсөттү. Жашоо-шарттарынын турукташканына 50-60 жылдай эле болду.
Ошондуктан казактар канчалык кыйынчылык көрбөсүн, киндик каны тамган жерин, ата-бабаларынын конушун таштап кеткиси келбейт.
1991-жылы Казакстанга жапырт көчө башталганда да ата конушун кыя албай калып калгандар болгон. Алар "абал оңолот, мамлекеттин бизге болгон мамилеси өзгөрөт" деген үмүт менен ушул күнгө чейин көчпөй отурушат.
Экинчиден, Казакстанга көчүп баралы десе, өлкөнүн азыркы саясаты да аларды анчейин кызыктырбайт. Пилоттук долбоор боюнча көчүп келгендерди түндүктөгү кароосуз калган айылдарга жайгаштырып жатышат. Ал жакта жумуш да, инфраструктура да жок. Анын үстүнө, Казакстан казак мамлекети болгону менен, иш кагаздарынын көбү орус тилинде жүргүзүлөт. Жаңы шартка көнүүгө да убакыт берилбейт. Мунун баары аларды чочулатат.
Маалымат тез тараган азыркы заманда алар Казакстандагы кырдаалды күн сайын көрүп, билип турушат. Ошондуктан "дагы бир аз чыдап көрөлү, балким абал оңолор" деген үмүт менен жашап жатышат.
Азаттык: Сиз айткан казак депутаттар парламентте Мөнхтөрийн Нарантуяа-Нара айымдын сөздөрүнө кандайдыр бир каршы пикир билдириштиби? Алардын бул маселеге көз карашы кандай?
Асылбек Баяжума: Жок, андай талаш-тартыш болгон жок. Казак депутаттары казак элин коргоп эч нерсе айтышкан жок.
Жалпысынан бул сөз май айынын аягында чыга баштады. Монголиянын президенти Казакстанга келип, президентибиз Касым-Жомарт Токаев аны чоң урмат-сый менен тосуп алды. Ошол жолугушууда Баян-Өлгейде Казакстандын консулдугун ачуу маселеси көтөрүлүп, эки өлкөнүн башчысы макулдашкан.
Негизи, дал ушул консулдук ачуу маселеси бүтүндөй талашка түрткү болду.
Ал консулдук деген Казакстанга көчүп барууну каалаган жарандардын документтерин бүтүрүүгө жардам бере турган чакан гана мекеме. Бирок казак улутундагы Эмгек жана калкты социалдык коргоо министри Тилеухан Аубакир парламентте "Монголиядагы казактарды Казакстандагы казактар менен үйлөндүрүшүбүз керек, башкача айтканда, кан аралаштыруу зарыл. Анткени Баян-Өлгейдеги 100 миңге жакын казак бири-бири менен эле баш кошо берсе, тукумубуз начарлайт. Ошондуктан кыздарыбызды Казакстандагы казактарга берип, алардын кыздарын өзүбүз алышыбыз керек" деген сыяктуу баш-аягы жок билдирүү жасады.
Бул билдирүүнү монголдор таптакыр башкача кабыл алышты. Консулдук ачуу жана "эки жактагы элди өз ара үйлөндүрүп, канын тазалоо" тууралуу сөздөр "казактар келечекте Баян-Өлгейди Казакстанга кошуп алууну көздөп жатышат" деген сыяктуу негизсиз, далилсиз кептерге чейин жетти.
Азаттык: Монгол тилиндеги социалдык тармактарда казактарга каршы жек көрүүчүлүк маанайдагы билдирүүлөр көп экен. Ал жактагы казактарды жумуштан алуу, окуудан чыгаруу сыяктуу конкреттүү саясий кысым болуп жаткан жокпу?
Асылбек Баяжума: Бул талаш башталгандан бери Баян-Өлгей аймагын бир жылдан ашык башкарып келген Заңгар Есентай акимдик кызматтан алынды. Учурда Баян-Өлгейдин акими жок. Бул өтө оор жагдай. Анткени башчысы жок болсо, элдин да абалы туруксуз болот. Азырынча Заңгарга карата гана ушундай кысым болду. Калгандарына азырынча кысым көрсөтүлүп жаткан жок.
Кечээ ушул маселеге байланыштуу Монголиянын президенти Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, тиешелүү тапшырмаларды берди. Социалдык тармактарда далили, негизи жок көп нерсе жазылат. Мунун айынан ушул убакка чейин ынтымакта жашап келген эки элдин ортосунда бири-бирин жамандаган, каралаган, жек көрүү маанайы жайылып баратат. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш.
Ошондуктан мындан ары Баян-Өлгейге ким аким болуп дайындалары жана ал аймакты кандай башкарары көп нерсеге таасир этет деп ойлойм.