ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Санкт-Петербургда өзбекстандык аялдын сөөгү чемодандан табылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Выборг районунун Парголово конушунан аялдын сөөгү салынган чемодан табылды. Кийинчерээк маркум 38 жаштагы Өзбекстандын жараны экени аныкталганын Орусиянын Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, аял Санкт-Петербургда жыйнап-тазалоочу болуп иштеген. Ал акыркы жолу 1-ноябрда жумушуна барган, бирок андан кийин жакындарынын телефон чалууларына жооп бербей калган. 11-ноябрда туугандары полицияга кайрылышкан. 13-ноябрда сөөгү Юкковский суусунун боюндагы жөө адамдар жүрүүчү жолдон чемодандын ичинен табылган.

Тергөө башкармалыгы кылмышка шектүү катары маркумдун 15 жаштагы уулу кармалганын маалымдады.

Орусиялык маалымат каражаттарынын жазышынча, өспүрүм апасы вейп тартууга тыюу салганына ачууланган. Чыр учурунда ал апасын бут кийимдин боосу менен муунтуп өлтүрүп, сөөгүн чемоданга салып, жөө адамдар жүрүүчү жолдун боюна жашырып койгон деп шектелүүдө.

"Укук коргоо органдары апасын издеп жаткан учурда өспүрүм анын кайда экенин билбегендей түр көрсөткөн", - деп жазышты орусиялык басылмалар.

Бул факт боюнчанын Орусия Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон. Учурда өспүрүмдүн бөгөт чарасын тандоо маселеси каралып жатканы кабарланды.


​
XS
SM
MD
LG