ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

АКШдагы учак каттамдарынын жапырт токтошунун себеби айтылды

АКШ. Жон Ф. Кеннеди (Нью-Йорк) атындагы аэропорт. Архив сүрөт.
АКШ. Жон Ф. Кеннеди (Нью-Йорк) атындагы аэропорт. Архив сүрөт.

АКШдагы бардык аэропорттордон учактардын учуусун убактылуу токтотууга алып келген байланыш системасындагы мүчүлүштүк жаңылоо учурунда эски системага ашыкча жүк келгенинен улам болду. Бул тууралуу 14-ноябрда Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында Ички коопсуздук министри Маркуэйн Маллин билдирди.

Анын айтымында, Транспорт министрлиги менен Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалык (FAA) жаңы жабдууларды жана технологияларды киргизип жатканда алар көп жылдан бери колдонулуп келген эски системага кошумча жүк болуп, иштен чыгышына алып келген.

АКШнын транспорт министри Шон Даффинин айтымында, өлкөнүн аба кыймылын башкаруу тармагы ондогон жылдар мурдагы аналогдук жабдууларга таянып иштеп келет жана алар заманбап талаптарга жооп бере албай калды. Министр колдонулуп жаткан маалымат багыттагычтар (роутерлер) ашыкча жүктөлүп, бири-бирине каршы келген маалыматтарды жөнөтө баштаганын, коопсуздук максатында система өчүрүлгөнүн айтты.

Даффи абалды оңдоо үчүн Конгресстен кошумча 50 миллиард доллар бөлүүнү талап кылды. Бул сунушту Маркуэйн Маллин да колдоду.

FAA өкүлдөрү жалпы өлкө боюнча чектөө алынар алдында аварияга кабылган системалар кылдат текшерилип, алардын туруктуу иштей алары ырасталганын билдиришти.

Учактардын учушуна коюлган тыюу төрт сааттан ашык убакытка созулду. Даффинин маалыматына караганда, чектөө киргизилген учурда АКШнын аба мейкиндигинде 3500дөн ашуун учак болсо, тыюу алынган маалда алардын саны 400гө жетпеген санда болгон. Ошол эле учурда медициналык жана укук коргоо кызматтарына байланышкан айрым каттамдар үчүн өзгөчө уруксат берилген.

FAA буга чейин мындай жапырт чектөөнү 2023-жылдын январында пилотторду эскертүү системасындагы мүчүлүштүктөн кийин киргизген. Ага чейинки ушундай масштабдагы чара 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан кийин көрүлгөн.

XS
SM
MD
LG