Орусиянын Ички иштер министрлигинин издөө базасына Украинанын Винница шаардык сотунун үч судьясы - Руслан Каленяк, Руслана Романчук жана Геннадий Кашпрук киргизилди. Бул тууралуу "Медиазона" басылмасы жазды.
Үч судья тең Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарына каршы Украинанын аймактык бүтүндүгүнө кол салуу беренеси боюнча сыртынан козголгон кылмыш иштерин карап жатышат.
Орусиянын издөө базасына киргизилиши аларга каршы бул өлкөдө кылмыш иштери козголгонун билдирет. Бирок кайсы беренелер боюнча айып тагылганы белгисиз.
Каленяк "Бирдиктүү Орусия" партиясынан Мамдумага шайланган Михаил Терентьев менен Ахмед Догаевге байланыштуу иштерди карап жатат.
Романчуктун кароосунда азыркы жана мурдагы бир катар депутаттарга, анын ичинде Михаил Старшинов, Петр Толстой, Татьяна Дьяконова, Максим Иванов, Константин Затулин, Андрей Исаев жана Владислав Третьякка байланыштуу иштер бар. Мындан тышкары, ал Орусияга качып кеткен Украинанын мурдагы билим берүү министри Дмитрий Табачникке карата мамлекеттик чыккынчылык ишин да карап жатат.
Ал эми Кашпруктун кароосунда Мамдуманын депутаттары Андрей Горохов, Алексей Езубов, Галина Данчикова жана Александр Тетердинкого байланыштуу иштер бар.
Шерине