Венгриянын мурдагы улуттук өнүгүү министри Миклош Шестактан тинтүү учурунда жалпы суммасы 20 миллион долларга жакын накталай акча алынды.
Анын ичинде 5 миллиард 71 миллион 632 миң форинт, 2 миллион 658 миң 350 евро жана 1 миллион 257 миң 100 доллар бар. Бул тууралуу Венгриянын MTI маалымат агенттиги кабарлады.
Акча Шестакка карата коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тинтүү учурунда табылган. Тинтүүлөр 12–13-ноябрда Будапешт шаарындагы жана Пешт, Бекеш, Ноград облустарындагы бир нече даректе өткөн.
Накталай акча айыл чарба имараттарында, кампаларда жана турак жайларда жашырылган. Анын бир бөлүгү токойго да көмүлгөнү маалымдалды.
Венгриянын каржы министри Андраш Кармандын айтымында, алынган акчаны саноо үчүн Мамлекеттик казыналыктын 12 кызматкерине сегиз саат жана беш акча саноочу аппарат керек болгон.
Миклош Шестак мурдагы премьер-министр Виктор Орбандын өкмөтүндө 2014-жылдан 2018-жылга чейин улуттук өнүгүү министри болуп иштеген. Тергөө версиясына ылайык, ошол мезгилде ал жана мамлекеттик активдерди башкарган компаниянын жетекчиси Норберт Сивек Volánbusz мамлекеттик автобус ташуучу компаниясы менен байланышкан фирмалардан 11 миллиард форинттен ашык (33 миллион доллардан көп) пара алышкан.
Шестак сентябрдын аягында кармалып, камакка алынган. Ал депутаттык кол тийбестигинен ажыратылган. Мурдагы министр өзүнө коюлган айыптардын баарын четке каккан.
Шерине