ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:27

Одессада Орусиянын чабуулунан эки адам каза болду, 50 миң адам жарыксыз калды

Соккуга кабылган Чернигов. 14-ноябрь, 2026-жыл.
Соккуга кабылган Чернигов. 14-ноябрь, 2026-жыл.

Ишембиге караган түнү Орусия Украинага дрон менен чабуул койду. Жалпы 96 дрондун 81и атып түшүрүлдү. Сегиз жерде дрон бутага тийгени, дагы эки жерге сыныктары түшкөнү катталды. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.

Ишемби күнү эртең менен Одесса облусунда ДТЭК энергетикалык компаниясынын объектисине сокку урулганын облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер маалымдады. Анын айтымында, чабуулдан улам 50 миңге жакын тургун электр жарыгысыз калды.

ДТЭК компаниясы бул объект буга чейин да бир нече жолу аткылоого кабылганын жана аны калыбына келтирүү үчүн убакыт талап кылынарын билдирди.

Запорожье шаарынын Заводской районунда Орусиянын чабуулунан инфраструктуралык объект жабыркаганын облустук аскердик администрациянын башчысы Михаил Семикин кабарлады. Имаратка зыян келип, өрт чыккан. 32 жаштагы эркек киши жарадар болгон.

Ошондой эле ишемби күнү эртең менен Запорожьедеги Днепр ГЭСинин дамбасы аркылуу унаа кыймылы эки багытта тең толугу менен токтотулду. Бийлик өкүлдөрү мунун себебин түшүндүрүшкөн жок.

Сумы облусунда «Укрэнерго» компаниясы электр энергиясынын жапырт авариялык өчүрүлүшү болгонун билдирди. Глухов шаарында Орусиянын соккусунан аял жана анын тогуз жаштагы небереси жарадар болушкан.

Чернигов облусунда орус армиясы Новгород-Северский шаарына дрон менен чабуул жасаган. Натыйжада турак үй, транспорт каражаттары, автоунаалар жана айыл чарба ишканасы жабыркаган. Городня шаарында Орусиянын чабуулунан 41 жаштагы эркек киши жарадар болду. Ошондой эле аймактагы май куюучу жайга жана энергетикалык объекттерге сокку урулду.

Донецк облусунун Краматорск районунда орусиялык FPV-дрондун чабуулунан аял каза болду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, анын сөөгү Ясная Поляна айылындагы өрттөнүп кеткен жеке турак үйдүн урандыларынан табылды.

Херсон облусунда болсо, Украинанын Улуттук полициясынын маалыматы боюнча, Орусиянын акыркы бир суткадагы чабуулдарынан эки адам каза болуп, дагы үчөө жарадар болду.



​
XS
SM
MD
LG