Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан, кар жаайт

16-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде кар аралаш жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-2, күндүз 12…17

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…1, күндүз 3…8

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 6…8° жылуу болот.

Дагы караңыз

"Атасы куткарам деп күйүп калды". Ошто өрт чырактай үч кыздын өмүрүн алдыУкраина: Starshield тутумун чектөө артында ким турат?АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Стивен Гиллен дипломатиялык кызматка кириштиБлогерликтен парламентке: "Чанган" деген эмне?Ош: Камчыбектин түрмөсү, репрессия көрүстөндөрүВенгриянын мурдагы министринин ар кайсы дарекке жана токойго каткан 20 миллионго жакын доллары табылды