Бишкекте жол тескөөчүнү унаасы менен сүйрөп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду

Бишкекте милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн деген шек менен 1991-жылы туулган К.С. аттуу айдоочуга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИБ) билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 4-бөлүгү («Бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти сактоо милдетин аткарып жаткан башка адамга каршылык көрсөтүү менен коштолгон бейбаштык») менен кылмыш иши козголду. Учурда окуянын жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдары жүрүп жатат.

Айдоочу райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Ал башкарган «Тойота Королла» үлгүсүндөгү автоунаа атайын айып короого токтотулган.

ШИИБ милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруу милдеттүү экенин эскертип, аларга баш ийбөө жана кызматкерлерге карата мыйзамсыз аракеттер мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келерин билдирди.

Социалдык тармактарда Бишкек көчөлөрүнүн биринде айдоочу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкеринин талабына баш ийбей, инспекторду унаасынын капотунда сүйрөп кеткени тартылган видео тараган.(ZKo)

Дагы караңыз

Өкмөт башчы Касымалиев бийлик өкүлдөрү шайлоого кийлигишпей турганын айттыКара-Суу: Соодагерлердин митинги, талаш жараткан маселелерЭкстремизмге айыпталгандар. Коопсуздук чарасыбы же бийликтин басым куралыбы?"Баламды бычакташкан, кечирим жок". Эненин күйүтүн козгогон өтүнүчКымбатчылык, куугунтук. Иран жаштары бош убакытын кантип өткөрөт?