ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:24

Өкмөт башчы Касымалиев бийлик өкүлдөрү шайлоого кийлигишпей турганын айтты

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев аны социалдык тармактарда жаманатты кылуу аракетин жасап, парламентти алсыратуу иштери уланып жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 18-ноябрдагы жыйынында билдирип, “Ош шаарынын мэри президенттик шайлоого аралашууга аракет кылып жатканын” кошумчалады.

Камила Талиева 13-октябрда Ош шаарында парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны өткөнүн, анда "саясий интрига" болгонун айтты.

“Мага жеткен маалыматтар боюнча алдыда боло турчу шайлоого штабдарды ачып, “мен чечем” деп аткаруу бийлигинин өкүлү мыйзамдарды бузуп, штаб ачуунун аракетинде жүрөт. Адылбек Алешович, муну карагыла”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттарга болгон мамиле боюнча Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен сүйлөшкөнүн, аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлиги эриш-аркак иштей турганын билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да өкмөт Жогорку Кеңеш менен тыгыз иштешерин айтып, шайлоо тууралуу комментарий берди.

“Шайлоо боюнча президенттин чоң тапшырмасы бар. Бийликте тургандар биз шайлоого кийлигишпешибиз керек. Мен шайлоону өткөрүү боюнча штабды жетектейм. Штабдын негизги милдети – бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү. Андай болсо (ред: Жанарбек Акаевге байланыштуу) аны иликтеп чыгып, чара көргөнгө даярмын”, - деди ал.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров “2027-жылдын 27-январында президенттик шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, мектеп жана жогорку окуу жайлардын мугалимдерин, окуучуларды, студенттерди, социалдык камсыздоо органдарынын, медициналык мекемелердин кызматкерлерин, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кайсы бир талапкерди колдоп шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга тыюу салынат.

Министрлер кабинетине мыйзамсыз түрдө шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан, кызматтык абалынан пайдаланып кайсы бир талапкердин пайдасына иш жүргүзгөн өкмөт мүчөлөрүн тартиптик жоопкерчиликке тартуу, зарыл болсо кызматтан бошотуу тапшырмасы коюлду. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG