Украинанын учкучсуз учактары 17-ноябрга караган түнү Орусиянын курамындагы Башкырстандын Уфа жана Салават шаарларындагы өнөр жай объектилерине жапырт сокку урду. Бул тууралуу Башкырстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, республиканын аймагында 50дөн ашуун учкучсуз учак атып түшүрүлгөн. Баштапкы маалымат боюнча, өнөр жай ишканалары олуттуу зыян тарткан эмес жана штаттык режимде иштеп жатат.
Украиналык мониторинг жүргүзгөн Telegram-каналдар Орусиядагы ири мунайды кайра иштетүүчү жана мунай-химиялык комплекстердин бири болгон «Газпром нефтехим Салават» ишканасына чабуул жасалганын жазышты. Алардын маалыматына ылайык, ишкананын аймагында бир нече жерде өрт чыккан.
Astra басылмасы да «Газпром нефтехим Салават» ишканасында өрт чыкканын кабарлады.
Exilenova+ жана Supernova+ каналдары Курск облусундагы «Садовая» электр станциясына да чабуул жасалганын билдиришти. Аймактын бийлиги түндө болгон соккулардын кесепети тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Орусиянын Коргоо министрлиги өлкө аймагында, аннексияланган Крымда, ошондой эле Азов жана Кара деңиздин акваториясында 1441 украин дрону жок кылынганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, бул Орусиянын Украинага каршы согушу башталгандан берки эң масштабдуу дрондук чабуул болду. Буга чейинки рекорд 16-ноябрга караган түнү катталган. Анда Коргоо министрлиги 1336 учкучсуз учак жок кылынганын билдирген.
Москванын мэри Сергей Собяниндин айтымында, 16-ноябрь саат 17:00дөн 17-ноябрь саат 07:00гө чейин Москва облусун көздөй болжол менен 800 учкучсуз учак багыт алган. Алардын басымдуу бөлүгү борбордон кыйла алыс аралыкта атып түшүрүлгөн. Дагы 321 дрон Москвага жакын аймактарда жок кылынган.
Өлкөдөгү 18 аэропортто, анын ичинде Москванын Внуково, Домодедово, Шереметьево жана Жуковский аэропортторунда учактардын учуп-конушуна убактылуу чектөө киргизилди.
Шерине