Орусиянын Краснодар аймагы менен аннексияланган Крымды байланыштырган Керч кысыгындагы көпүрө 17-ноябрга караган түнү эки жолу чабуулга кабылды.
Москва дайындаган Крымдын башчысы Сергей Аксёнов көпүрөгө сокку урулганын билдирип, кыймыл убактылуу токтотулганын жарыялаган. Ал жергиликтүү тургундарды жана туристтерди көпүрө тарапка барбай турууга, сапарды пландаштырууда киргизилген чектөөлөрдү эске алууга чакырды.
Украинанын "Крымский ветер" мониторингдик ресурсу көпүрөгө төрт канаттуу ракета тийгенин жазды. Күбөлөр жарыялаган видеолордо бири узундугу 227 метр болгон борбордук аркага тийип, калган бөлүгү сууга кулашы болушу мүмкүн. Бул маалымат азырынча расмий ырасталган жок.
Мунун алдында, 16-ноябрь күнү эртең менен Украинанын армиясы көпүрөгө сокку урган. Орусиялык Mash басылмасынын маалыматында, жүзгө жакын учкучсуз аппараттын бири Крым тараптагы арканын жанында жарылган. Көпүрөнүн айрым бөлүктөрү болжол менен 15 градуска чейин кыйшайганы айтылууда.
Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары жарыялаган видеолордо көпүрөнүн кыйшайып, бузулганы байкалган. Ал эми украиналык Telegram-каналдар спутниктен тартылган сүрөттөрдү жарыялап, жолдун кеминде эки жеринде мүчүлүштүк барын билдиришкен.
Кремл келтирилген зыянды «анча чоң эмес» деп мүнөздөдү. Бирок буга карабастан көпүрө 16 сааттан ашык убакытка жабылып, ачылгандан кийин унаалар эки тарапка кезек менен өткөрүлө баштаган. Учурда Крым менен Краснодар крайынын ортосундагы жүктүн жана жүргүнчүлөрдүн олуттуу бөлүгү Керч парому аркылуу ташылууда.
Аксёнов жарым аралдын Ленин районунда дрон чабуулунан эки киши каза болгонун билдирди.
Украинанын президенти Владмир Зеленский 17-ноябрда эртең менен Крым көпүрөсүнө чабуул жасоо операциясы бир нече жума даярдалганын Телеграм-каналына жазды. Ал украин аскерлери абадан коргонуу системаларын, радарларды, радиоэлектрондук каражаттарын жана башка белгиленген буталарды ырааттуу түрдө жок кылышканын белгиледи.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Крым көпүрөсү украин соккуларынан кийин, азыркысынан дагы жакшы кылып калыбына келтирилерин" жарыялады.
Орусия Украинага кол салгандан бери Киев Крым көпүрөсүнө бир нече жолу сокку урган.
Шерине