Кыргызстанда финансылык пирамиданы же алдамчылык схеманы түзүп, аларды жарнама кылгандарга жазаны күчөтүү сунушу берилди. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутаттар тобу иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.
Ага ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү лицензиясы жок туруп адамдардан акча чогултуп же башка мүлкүн алгандар жарандарга зыян келтирсе мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейин абакка кесилет. Андан тышкары көп суммада зыян алып келген каржылык пирамидаларды жарнама кылгандарга 300 миң сомдон 500 миң сомго чейин айып салып же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды.
Документтин маалымкат-негиздемесинде жазылгандай 2025-жылы каржылык пирамидалар боюнча 191 кылмыш иши катталып, келтирилген чыгым 45 млн сомдон ашкан. Анын ичинен болгону 2 млн 705 миң сом жабырлануучуларга кайтарылган. 2026-жылдын 9 айында мындай 765 иш катталып, 337 млн 528 миң сом зыян келтирилсе, тергөөдө 8 млн 907 миң сомдун гана орду толтурулган.
Кыргызстанда каржы пирамидасынан жабыркагандар соңку жылдары көбөйүүдө. Адистер аны баштаган саналуу адамдар гана киреше таба аларын, калгандарында андай мүмкүнчүлүк болбой турганын, демек, бул кадимки алдамчылык экенин эскертип келишет. (BTo)
Шерине