ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Молдобаев ишти узак караган судьяларга катуу чара көрүш керектигин айтты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Конституциялык соттун судьялыгына талапкер Алмазбек Молдобаев сот системасына элдин ишенимин кайтаруу үчүн сот отурумдары ачык өтүп, жарандар соттук жараяндар кандай өтүп жатканын видеодон да көрүп турушу зарыл экенин айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин 17-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Депутат Улан Сариев элдин сотторго ишеними аз экенин, президент Садыр Жапаровдун айыл-аймактарды кыдыруусунда адамдардын 80% сот бийлигине нааразы болгонун айтты. Алмазбек Молдобаев “жашыруун” деген гриф коюлган гана иштер жабык каралып, судьялар ишти создуктурбай убагында чечим чыгарышы керектигин кошумчалады.

“Мисалы, жергиликтүү соттун судьясы ишти кароо мөөнөтүн бузса Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы реалдуу чара көрүп, 5-10 судьяны жоопко тартып, кызматтан бошотконго чейин алып барыш керек. Бул сотторго сабак болуп, ишти кароонун мөөнөтү сакталмак”, - деди ал.

Алмазбек Молдобаев буга чейин президенттин жана Министрлер кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү болуп иштеген. Президент Садыр Жапаров эми аны Конституциялык соттун судьялыгына талапкерлигин көрсөтүп, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети талапкерлигин жактырды.

Садыр Жапаров 21-октябрда республикалык кеңешмеде Кыргызстанда сот адилеттиги боюнча маселе бар экенин айткан. Ал аймактарды кыдырып жүрүп элдин арасында ушул нерсени байкаганын, жарандарда “адилеттик жок” деген түшүнүк бар экенин билдирген.

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев сот тутумунун 2026-жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланган жыйында сот бийлиги ичинен тазаланарын айткан.

Конституциялык сот тогуз судьядан турат, алар: конституциялык соттун төрагасы, төраганын орун басары жана жети судья. Конституциялык соттун судьялары Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен жаш курагынын чегине жеткенге чейин шайланат. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG