Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:13

Садыр Жапаров Кыргызстанда сот системасында көйгөйлөр бар экенин айтты

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда республикалык кеңешмеде Кыргызстанда сот адилеттиги боюнча маселе бар экенин айтты. Ал аймактарды кыдырып жүрүп элдин арасында ушул нерсени байкаганын, жарандарда адилеттик жок деген түшүнүк бар экенин белгиледи.

“Биз аларды тез аранын ичинде жоюшубуз зарыл. Мыйзам алдында эч ким күчтүү да, алсыз да болбошу керек. Мыйзам алдында баары тең болушу шарт”, - деди Жапаров.

Президент коррупцияга, кызыкчылыктардын кагылышына, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга жана соттук этиканы бузууга аёосуз чара көрүлөрүн эскертти.

“Жаран өз укуктарынын корголушуна, ишкер өз менчигинин жана инвестициянын кол тийбестигине ишениши керек”, - деди Жапаров.

Президент 11-мартта депутаттарга жооп берип жатып өлкөдө сотторго кийлигишүү жок экенин айткан.

Соттордун көз карандысыздыгы, бул тармакты реформалоо маселеси дээрлик ар бир бийлик келгенде көтөрүлөт. Буга чейин президент өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулук жана мыйзамдуулук соттордун, укук коргоо кызматкерлеринин ишинен көз каранды экенин белгилеген жана сот тутуму татаал реформалардан өтүп, барган сайын өркүндөөнүн үстүндө деп айткан.

Ошондой эле сот тармагын реформалоодогу чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атап келет. Анын башкы максаты бир жерде жылдап отурган судьяларды алмаштыруу, аймактардагы иштин сапатын жогорулатуу болгону белгиленип жүрөт.

Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Бирок Кыргызстанда сот тармагына байланыштуу нааразылык дагы эле бар. Буга чейинки үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG