Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:13

1-январдан тартып жөлөк пул жана "Баатыр эне" пенсиясы жогорулайт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 2027-жылдын 1-январынан тартып айрым социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатууну караган (“Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө”) жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга берилүүчү мамлекеттик социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 8 000 сомдон 11 000 сомго чейин (37,5 пайызга), улгайган жарандарга берилүүчү жөлөкпул 50 пайызга көбөйөт. Ошондой эле майыптык боюнча пенсия өлчөмү жогорулайт.

Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 6 000 сомдон 8 000 сомго чейин (33,3 пайызга), ал эми багуучусунан ажыраган балдардын жөлөкпулу 3 000 сомдон 5 000 сомго чейин (66,7 пайызга) көбөйөт. Багуучусунан ажыраган балдарга берилүүчү жөлөкпул көбөйгөндүктөн алардын пенсиясын да көбөйтүү каралган.

Мындан тышкары, улгайган жарандарга берилүүчү жөлөкпул 50 пайызга, баатыр энелерге берилүүчү жөлөкпул 3 000 сомдон 5 000 сомго чейин көбөйөт. Баатыр энелердин пенсиясына кошумча төлөм төрт эсе, тактап айтканда, 1 000 сомдон 5 000 сомго чейин жогорулайт.

Ошондой эле жарандардын айрым категорияларына, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Ооганстандагы согуштук аракеттердин ардагерлерине, Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадасынын катышуучуларына жана мындай төлөмдөрдү алуучу башка жарандарга берилүүчү ай сайынкы акчалай компенсация көбөйөт.

Жарандардын айрым категориялары үчүн акчалай компенсация 2025-жылы жогорулатылган.

Мындан сырткары Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, ошондой эле Баткен жана Ош облустарында болгон окуялардын кесепетинен жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү орточо эсеп менен 20 пайызга жогорулайт.

Улуттук банк жакында эле экинчи кварталда инфляция деңгээли 11% ашканын, өлкөдөгү баа муну менен токтобой, жыл аягына чейин инфляция 15% жетиши мүмкүн экенин маалымдаган. Кескин кымбаттоо кызмат көрсөтүү, эт жана башка азык-түлүктө сезилген.

Депутат Акылбек Түмөнбаев парламенттин 7-октябрдагы отурумунда "элдин көбү кымбатчылык тууралуу айтып жатышканын" белгилеген.(КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG