Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажановго каршы жазылган арыз боюнча маалымат берди.
Облустук милициянын маалыматына караганда, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө Д. Даминов аттуу адам арыз менен кайрылып, Ырысбек Атажанов аны коркутканын айткан. Ал окуя 8-ноябрда Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагына караштуу Жаңы-Айыл айылында болгонун билдирген. Арыз ээси досунун үйүндө өтүп жаткан тойдо жүргөндө парламенттин депутаты менен сүйлөшүү болгонун кошумчалаган.
“Д. Даминовдун айтымында, тойго келген депутат ага социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу өзүнө карата терс маалыматтар жарыяланып жатканын айтып, мындай аракеттерди токтотууну талап кылган. Ошондой эле “биринчи жана акыркы жолу эскертем” деген маанидеги сөздөрдү айтып, өзүнө карата коркутуу жасаганын белгилеген”, -деп айтылат маалыматта.
Жазылган арызга байланыштуу Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүп, Д. Даминов жана тойдун ээси Р. Юсупжановдон түшүнүк каттар жана көрсөтмөлөр алынган. Д. Даминов депутат менен болгон сүйлөшүүнүн жагдайларын баяндап, ага айтылган сөздөрдү коркутуу катары кабыл алганын билдирген. Ал эми тойдун ээси Р. Юсупжанов депутаттын тойго келгенин тастыктап, Д. Даминовду өзүнчө чакырып сүйлөшкөнүнө жана коркутканына күбө болбогонун айткан.
Териштирүүнүн жыйынтыгында кылмыштын жана укук бузуунун белгилери аныкталган эмес.
Ырысбек Атажанов 2025-жылы ноябрь айында өткөн шайлоодо Жогорку Кеңешке Баткендеги №2 шайлоо округунан шайланып келген. Ал сөз болуп жаткан окуя боюнча комментарий бере элек. (BTo)
Шерине