ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:25

Орусиянын бир катар аймагы дрон чабуулуна кабылды

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

16-ноябрга караган түнү украиналык дрондор Орусиянын бир катар аймактарына жапырт чабуул жасады. Ростов облусунун Азов шаарында төрт өндүрүштүк объектте өрт чыгып, үч адам жараат алды.

Astra жана украиналык мониторинг каналдарынын маалыматына караганда, дрондор мунай базасы жайгашкан аймакка жана газ бөлүштүрүүчү станцияга тийип, эки объектте тең өрт чыккан. Ошондой эле 15-ноябрда Таганрог шаарына жасалган чабуулдан бир адам каза болуп, дагы төртөө жараат алган.

Краснодар крайынын Северский районунда дрондордун сыныктарынан үч киши, анын ичинде бир бала жабыркап, ишканалардын биринин аймагында өрт чыккан. Ал жерде Ильский мунайды кайра иштетүүчү заводу жайгашкан.

Ярославль облусунда дрон чабуулунан улам Москва багытындагы жолдун бир бөлүгү убактылуу жабылды. Аймак бийлиги абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде 20 дронду атып түшүргөнүн билдирди.

Москва мэри Сергей Собяниндин айтымында, борбор калаа тарапка болжол менен 600 дрон учуп келип, алардын 191и Москвага жакындаганда атып түшүрүлгөн. Акыркы күндөрдөгү бул чабуулдар согуш башталгандан берки эң ири дрон операцияларынын бири катары бааланууда.

​
XS
SM
MD
LG