ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:37

Сот экс-депутат Дүйшөн Төрөкуловго айып салып, камактан бошотту

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Дүйшөн Төрөкуловду кармаган учур.
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Дүйшөн Төрөкуловду кармаган учур.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкуловду Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды.

Райондук сот мындай чечимди 13-октябрда чыгарган. Судья камактагы экс-депутаттын бөгөт чарасын өзгөртүп, ал сот залынан бошотулган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Дүйшөн Төрөкуловду 2026-жылдын июнь айында кармаган. Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстандын аймагында жана Орусиянын Свердлов облусунда бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө сөз болуп жаткан топко Дүйшөн Төрөкуловдун тиешеси бар экени аныкталган.

ИИМ ал айдап бараткан Toyota Prius автоунаасын тинткен учурда салмагы болжол менен 5 грамм болгон психотроптук зат табылганын, Дүйшөн Төрөкуловго Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айып коюлганын билдирген.

Дүйшөн Төрөкулов 2017-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Бир Бол” саясий партиясынан депутат болгон. Аны 2021-жылы январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюп кармаган. Ошол эле жылдын март айында үй камагына чыккан. Ал иши эмне болуп бүткөнү белгисиз.

Эрежесиз мушташтарга катышып жүргөн Дүйшөн Төрөкулов коомчулукта “Душка” деген каймана ат менен таанымал. (BTo)

XS
SM
MD
LG