ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:31

ИИМ президентке даттанган Аруу Эмилбекованын дооматтары ырасталбаганын билдирди

Аруу Эмилбекова. ИИМдин фотосу
Аруу Эмилбекова. ИИМдин фотосу

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Аруу Эмилбекованын президент Садыр Жапаровго кайрылуусунда айтылган дооматтарды текшерип, алар ырасталбаганын билдирди.

Буга чейин президенттин эл менен болгон жолугушуусунда Аруу Эмилбекова балдарын өзүнө кайтарып алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, учурда алар менен жолуга албай жатканын айткан. Бул кайрылуудан кийин укук коргоо органдарына тиешелүү текшерүү жүргүзүү тапшырылган.

ИИМдин маалыматында, Эмилбекованын мурдагы жолдошу Б. Раматиллаев ажырашууга үй-бүлөлүк зомбулук эмес, мурдагы жубайынын уурулук фактылары боюнча жоопко тартылышы себеп болгонун билдирген.

Маалыматта Жалал-Абад шаардык сотунун 2022-жылдагы чечими менен А. Эмилбекова Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде каралган уурдоо кылмышынын эки фактысы боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынганы кабарланган.

Анда Эмилбекова 2026-жылдын октябрынын башында Instagram социалдык тармагы аркылуу мурдагы жолдошу балдарына зомбулук көрсөтүп жатканын айтып кайрылганы да белгиленген. Бул маалымат да текшерүүдө далилденбегени айтылган.

"Текшерүүнүн алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, балдардын денесинен жарааттар аныкталган эмес. Балдар атасы, чоң атасы жана чоң энеси тарабынан өздөрүнө зомбулук көрсөтүлбөгөнүн билдиришкен", - деп жазылган маалыматта.

Министрлик Аруу Эмилбекованын мурдагы жолдошунун Камчыбек Ташиев менен эч кандай туугандык байланышы жок экени да текшерүү жүрүшүндө аныкталганын маалымдады.

Ага ылайык, Аруу Эмилбекованын эки кызы 7-октябрдан бери аны менен жашап жатканы тастыкталган.

Милиция Эмилбековага балдары менен жолугушуу тартибин аныктоо сот органдарынын компетенциясына кирери түшүндүрүлүп, бул маселе боюнча мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылуу сунушталганын кошумчалады.

Аруу Эмилбекова 7-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Ысык-Ата районунун жана Кант шаарынын тургундары менен жолугушуусунда мурдагы күйөөсүнүн зомбулугуна даттанган. Ал бажы кызматында иштерин айткан мурунку күйөөсү Коопсуздук кызматынын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин тууганы экенин, сот балдарын келиндин үйү жоктугун негиз кылып, атасынын багуусуна бергенин, кыздары атасы менен жашагысы келбей жатканын айтып, жардам берүүсүн өтүнгөн.(ZKo)



​
XS
SM
MD
LG