ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:22

Түркмөнстанда мурдагы күйөөсү өзүнө жана 11 жаштагы кызына сексуалдык зомбулук жасаганын ачык айткан аял жети жылга соттолду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын Мары велаятындагы Байрамалы шаарынын тургуну Жерен Алтыева мамлекеттик кызматта иштеген мурдагы күйөөсү тарабынан өзүнө жана 11 жаштагы кызына сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнүн ачык айтып чыккандан кийин алдамчылыкка айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылды.

Turkmen.news басылмасынын маалыматына караганда, сотто бир нече күбө Алтыевага ири суммадагы акча (10 миң долларга чейин) жана алтын буюмдарды карызга бергенин билдирген. Тергөө жалпы чыгымды 600 миң манатка (базар баасы боюнча 30 миң доллардай) баалаган.

Бирок басылма Алтыеванын өзү ийгиликтүү бизнес жүргүзүп, башкаларга да карызга акча берип келгенин жазат. Turkmen.news анын үстүнөн козголгон ишти Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министрлиги тарабынан уюштурулган куугунтук катары сыпаттаган. Басылманын маалыматында, бул анын мурдагы күйөөсүн калкалап келген жогорку кызматтагы аткаминерлер менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн ысымдарын атап, маалымат каражаттарына чыгып сүйлөгөнү үчүн өч алуу болушу мүмкүн.

Быйыл июнда Жерен Алтыева 2024-жылы үйлөнүү тойдон кийин күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн ачык билдирген. Анын айтымында, күйөөсү биринчи никесинен төрөлгөн 11 жаштагы кызына да сексуалдык зомбулук көрсөткөн. Андан кийин кыз өз жанын кыюуга аракет кылган.

Бирок Ашхабад прокуратурасы медициналык экспертизаларга жана зомбулукка кабылган баланын өз жанын кыюуга аракет кылганына карабастан, Алтыеванын күйөөсүнө каршы кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Түркмөнстандын Акыйкатчысы менен Жогорку соту да жабырлануучулардын кайрылууларына жооп берген эмес.

Ошондон кийин Алтыева коомчулукка чыгып, түркмөн активисттеринин эфирлеринде сүйлөп, укук коргоо органдары мурдагы күйөөсүн анын кызматтык абалы жана байланыштары үчүн жоопкерчиликтен калкалап жатканын айтып келген.

Октябрда Алтыеваны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери уурдап кеткени кабарланган. Кийинчерээк анын кармалганы жана ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, Түркмөнстандын тургундары үчүн социалдык, экономикалык жана укуктук көйгөйлөргө көңүл бурдуруунун жеткиликтүү жолдорунун бири - социалдык тармактарга видео кайрылууларды жарыялоо болуп калды.

Мамлекеттик мекемелер аркылуу арыз-даттанууларды натыйжалуу чечүү механизмдеринин жоктугунан улам жарандар бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу же мекендештеринен жардам суроо үчүн YouTube, TikTok жана IMO сыяктуу платформаларды көбүрөөк колдонуп жатышат. Буга жооп катары бийлик санариптик мейкиндикке көзөмөлдү күчөтүп, бир катар чектөө чараларын көрүүдө.

Улуттук коопсуздук министрлигин кошкондо, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жарандарды суракка чакырып, жардам сураган же бийликти сындаган видео кайрылууларын өчүрүүнү талап кылышат. Айрым учурларда мындай кайрылууларды жарыялагандар кармалган учурлар да болгон.

​
XS
SM
MD
LG