ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:49

Кыргызстанда орточо айлык акы 55 миң 525 сомду түздү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча орточо айлык акы 55 миң 525 сомду түздү. Бул өткөн жылдын январь-август айларына салыштырганда 29,4% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Расмий маалыматка караганда, 2026-жылдын январь-октябрь айларында Ички дүң өнүм (ИДӨ) 1 866,4 миллиард сомду түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,5% көбөйдү.

Январь-октябрь айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 8,8% түздү. Тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 7,7%, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 8%, азык-түлүк эмес товарлар 7,6% кымбаттады. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 12,2% жогорулады.

Министрлер кабинети 2026–2027-жылга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтыруу үчүн 36,6 миллиард сом бөлүнөрүн кабарлаган.

Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 55 миң сомго жетпей турганын айтышат. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG