ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:32

Ошто үй өрттөнүп, үч кыз каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-ноябрга караган түнү Ош шаарындагы Уста Абдухалил көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн үч кызы каза болду.

Кыздардын улуусу 13, ортончусу 10, кичүүсү сегиз жашта болгон.

35 жаштагы үй ээси - эркек киши денесинин 60 пайызы күйгөн абалда ооруканага жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, өрт тууралуу билдирүү 101 номуруна саат 04:42де түшкөн. Аны өчүрүүгө алгач бир бөлүм тартылып, кийин кошумча дагы бир бөлүм жана штаб жөнөтүлгөн.

Өрт саат 05:20да чектөөгө алынып, саат 07:57де толук өчүрүлгөн. Жалын каптаган аянт 120 чарчы метрди түзгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы кабарланды.

Быйыл апрель айында Ош шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги жер үйдө чыккан өрттөн бир адам набыт болгон.

5-мартка караган түнү Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында турак үйдөн өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен сегиз, алты, беш жана үч жаштагы балдар каза болгон.

Былтыр октябрда да Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, 34 жаштагы келин беш баласы менен каза тапкан. Ушул окуядан кийин президент Садыр Жапаров өрт коопсуздугу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган. (ZKo)


​
XS
SM
MD
LG