Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун акими (1975-жылы туулган С. А.), Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы (1972-жылы туулган Т. Т.) жана дагы эки адам (1988-жылы туулган Э. А. жана 1979-жылы туулган Ж. З.) кармалганын кабарлады.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголуп, тергелип жатат.
Маалымат боюнча, ноябрь айынын башынан тартып "адамдардын тобу алдын ала сүйлөшүп алып, айрым кызмат адамдарынын калкалоосу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Куру-Тегерек тилкесинде чачыранды алтынды мыйзамсыз казып алууну уюштурганы" аныкталган.
“Аталган иштерди жүргүзүү үчүн фронталдык жүктөгүч, насостук жана алтынды жууп-тазалоочу жабдуулар колдонулган. Ошол эле учурда жер казынасын пайдаланууга лицензиясы жана тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок туруп, алтын казылып, жуулуп алынган. Кийин мыйзамсыз казылып алынган алтын мыйзамда белгиленген тартипти кыйгап өтүү менен сатылып турган. Аны сатуудан түшкөн ири өлчөмдөгү каражаттын мыйзамсыз келип чыгышын жашыруу жана аларга ээлик кылуу менен тескөөгө мыйзамдуу көрүнүш берүү максатында ар кандай аракеттер көрүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.
Акчанын бир бөлүгү мыйзамсыз ишмердүүлүктү калкалоо үчүн район акиминин жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын атына акча которуу системалары аркылуу которулуп турганы белгилүү болгон.
Ушул тапта алтынды мыйзамсыз казып алууну жана сатууну уюштурууга, андан түшкөн кылмыштуу кирешени легалдаштырууга тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо иштери уланып жатканы маалымдалды.
Кармалгандар соттун чечими менен камакка алынды. Кармалгандардын бири Чаткал районунун акими болуп Алтынбек Сеңирбаевдин аты-жөнүнө дал келет. Ал бул райондо 2021-жылдан бери аким болуп иштеп келген.
Чаткал районунун акиминин жана башка шектүүлөрдүн жакындары комментарий бере элек. (BTo)
Шерине