Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:07

Экс-депутат кылмыштуу топ түзгөнбү?

Коллаж
Коллаж

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов уюшкан кылмыштуу топту түзүү же анын ишине катышууга айыпталууда. Төрөкулов 2020-жылга чейин "Бир Бол" партиясынын депутаттыкка шайланган. Өткөн аптада бул партиядан ат салышып жүргөн дагы бир спортчу Замирбек Сыргабаев кармалган.

Экс-депутат Дүйшөн Төрөкулов кармалганын Ички иштер министрлиги 23-июнда кабарлады. Маалыматка ылайык, ал 19-июнда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” боюнча шек саналууда. Милиция экс-депутат тууралуу "Кыргызстандын жана Орусиянын аймагында ишмердик жүргүзгөн криминалдык топко катышы болгон" деп маалымат таратты.

“Кыргыз Республикасынын аймагында жана Орусия Федерациясынын Свердлов облусунда өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп шектелген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыштуу коомчулуктун дагы бир болжолдуу катышуучусу аныкталып, кармалды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 1981-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандын аталган уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги аныкталды”, - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Дүйшөн Төрөкуловду кармаган учур.
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Дүйшөн Төрөкуловду кармаган учур.

ИИМ Төрөкуловду кармоо учурунда айдап жүргөн унаасынан 5 граммдай психотроптук деп болжолдонгон зат табылып, алынганын кошумчалады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, 30-июнга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарганы белгилүү болду.

Тагылып жаткан айып боюнча азырынча Дүйшөн Төрөкуловдун жакындары жана адвокаттары комментарий бере элек.

45 жаштагы Дүйшөн Төрөкулов 2017-2020-жылдары “Бир бол” партиясынын тизмесинен Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ага чейин ал Бажы кызматынын Ош менен Баткендеги бөлүмдөрүндө ар кандай кызматтарда иштеген. 2012-2015-жылдары Ош шаардык мэриясына караштуу Дене тарбия жана спорт комитетин жетектеген.

Төрөкуловдун уюшма кылмыш топторго байланышы тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыккан жайы бар. Эрежесиз эр уруштарга катышып жүргөн Төрөкулов тар чөйрөдө “Душка” деген каймана ат менен таанымал.

Депутат кезинде коомчулук көзүнө көп илинбеген Төрөкулов 2020-жылы Октябрь окуясында Ош мэриясынын имаратына кирип барып, өзүн Оштун мэри катары тааныштырганы менен эсте калган.

2021-жылдын жазында Төрөкулов коррупцияга шек саналып кармалып, көп өтпөй үй камагына чыккан. Андан соң экс-депутатка козголгон кылмыш иштин тагдыры беймаалым болуп калган.

Андан берки беш жыл ичинде Дүйшөн Төрөкулов саясатка, коомдук иштерге аралашканы байкалган эмес.

Эми Ички иштер министрлиги мурдагы депутатты криминалдык топторго байланыштырып кармап жатат.

Аны менен VI чакырылышта чогуу иштеген экс-депутат Тазабек Икрамов спорт чөйрөсүнө жакын адамдарды уюшкан топторго байланыштырып кармоо мурдатан бери адатка айланып калган көрүнүш дейт.

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

“Дүйшөн мырза менен учурунда чогуу иштедик. Ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылган жигит. Мурдатан эле спорт чөйрөсүндө жүргөн. Уюшкан кылмыштуу топторду түзүү же алардын катарында болуу ниети жок болчу. Бизде спорт чөйрөсүндө жүргөндөрдүн баарын ошол жакка байланыштыра беришет. Мен аны эл-жерге күйгөн инсан катары билем”.

УКМКнын мурдагы орун басары Артур Медетбеков бул иш боюнча жыйынтык чыгарууга эрте экенин айтууда. Ал эгемендик алгандан кийин кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бийликке келгенин эске салды.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

“Бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана башчылары толугу менен жок кылынды деп айтыш кыйын. Акыркы беш жылда буларга каршы катуу күрөш жүрдү. Бирок бул топтордун жашырынып жүргөндөрү, өлүмүш болуп калгандары же сырт жакка чыгып кеткендери дагы деле өздөрүнүн таасирин коомго тийгизүүгө аракет кылып жүрөт. Алар кандайдыр бир коркутуу жолу менен же кимдир бирөөлөрдөн өз үлүшүн алып турат. Убагында каралардын таасири шайлоого, шайлоочуларга, керек болсо айылдык кеңештин депутаттарына чейин тийген. Алар бийликке барып, ошол жактан да таасир этүүгө аракет кылышкан. Кээ бир укук коргоо органдарынын кызматкерлери алар менен аралашып, сатылып кеткен учурлар дагы болгон”.

18-июнда мурдагы мушкер Замир Сыргабаев уюшкан кылмыш тобун уюштурууга шек саналып кармалган. ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, ал дагы Орусиянын Свердлов облусунда адам уурдоо, тоноо жана каракчылык сыяктуу бир катар оор кылмыштарды жасоого шектүү адамдардын тобу жөнүндө маалыматтын негизинде кармалган. Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) менен кылмыш ишин козгогон. Сыргабаев да Төрөкулов сыяктуу “Бир бол” партиясынын парламент депутаттыгына ат салышкан.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG