ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:49

Жалал-Абадда мыйзамсыз жер берүү ишине байланыштуу үч адам кармалды

Кармалган шектүүлөр.
Кармалган шектүүлөр.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы боюнча кызмат адамдары кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында трансформация болбогон жерлерди мыйзамсыз сатуу ишине байланыштуу Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин филиалынын жетекчиси (С.А.О.), айыл аймактын биринин мурдагы башчысы (А.А.Ж.) жана Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы жетекчиси (М.А.Ы.) кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Алар алдын ала макулдашып алып, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берип аймакты мыйзамсыз кеңейтүү менен башкы планды бекиткени аныкталган. Ушул тапта бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.

Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG