ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:35

Кыргызстанда айылдардын 41,5% гана ичүүчү таза суу менен камсыздалган

Ош облусунун Ноокат району, Кайрагач-Бел айылы.
Ош облусунун Ноокат району, Кайрагач-Бел айылы.

Кыргызстандагы 2014 айылдын 836сы, же, башкача айтканда, 41,5% ичүүчү таза суу менен камсыздалган. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – суу ресурстары кызматынын директору Бактыбек Анаркулов билдирди.

Ал 16-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинде маалымат берип жатып 405 айылда таза суу тутумун жаңыртуу керектигин, 773 айылда долбоорлоо иштери жүрүп жатканын айтты.

Анын ичинен 331и республикалык бюджеттен, 416сы эл аралык долбоорлор, 25 шаар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) аркылуу каржыланып жатат.

Кыргызстанда жалпы 2014 айыл жана 34 шаар бар.

Жакында эле Министрлер кабинети “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү чечимин кабыл алган. Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттин эң артыкчылыктуу иши экенин айтып, алдыдагы беш жылга ар бир айыл боюнча так план түзүү тапшырмасын берген. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG