ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Бишкекте Айтматов проспектин кеңейтүүдө жери алынган 13 адамга кенемте берилди

Чыңгыз Айтматов проспектинде буздурулган курулуштар. Архив сүрөт.
Чыңгыз Айтматов проспектинде буздурулган курулуштар. Архив сүрөт.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу Чыңгыз Айтматов проспектинде жана Восточная көчөсүндө автоунаа жолун кеңейтүү үчүн муниципалдык менчикке өткөрүлгөн жер тилкелеринин ээлерине кенемте төлөө боюнча сертификаттарды тапшырды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 13 жердин ээсине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40 млн 763 миң сом берилет.

2025-жылдын жазында Чыңгыз Айтматов проспектиндеги автоунаа жолу кеңейтилип, алты тилкелүү трасса курулуп, четине велосипед тепкендер үчүн өзүнчө жол жана тротуар курулган. Ошол учурда жол жээгиндеги “Киргизия” конушундагы 60тан ашык үйдүн дубалынын бир бөлүгү бузулган. Конуштун тургундары мэриянын аракетин мыйзамсыз деп баалап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдиришкен.

Бишкек мэриясы бул имараттар “кызыл сызыктан” чыгып кеткенин белгилеп, аларды бузуу иштери мыйзамдуу жүрүп жатканын маалымдаган. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG