ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

АКШ-Украина диалогуна алгачкы жолу Евробиримдик өкүлдөрү катышты

Владимир Зеленский, Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф. 2026-жылдын 12-ноябры, Дублин.
Владимир Зеленский, Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф. 2026-жылдын 12-ноябры, Дублин.

Украинадагы согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттердин алкагында Германия, Франция, Улуу Британия, Италия, Польша, Европа комиссиясы, Европа кеңеши жана НАТО өкүлдөрү алгачкы жолу АКШ менен Украинанын өкүлдөрү менен биргелешкен сүйлөшүүлөргө катышты. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 16-ноябрдагы видео кайрылуусунда билдирди.

Зеленскийдин айтымында, сүйлөшүүлөр украин, америкалык жана европалык делегациялардын консультациясы форматында өткөн.

"Дипломатиялык аракеттер активдүү уланууда жана алардын текке кетпешине үмүт артабыз. Биздин команда мүмкүн болушунча конструктивдүү иштеп жатат. Бизге согуштун татыктуу аякташы жана Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери керек", – деди ал.

Консультацияларга АКШ тараптан Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер катышкан. Жолугушуу онлайн форматта өттү. Тараптардын кийинки бетме-бет жолугушуусу 19-ноябрда Берлинде "каалоочулар коалициясынын" жыйынынын алкагында өтөрү күтүлүүдө.

Зеленский өткөн талкууну "оңой болгон жок" деп мүнөздөп, Берлиндеги жолугушууда сүйлөшүү процессин илгерилетүү үчүн конкреттүү биргелешкен кадамдар иштелип чыгышы мүмкүн экенин белгиледи.

Мындан бир нече күн мурда Евробиримдиктин лидерлери Украина боюнча келечектеги сүйлөшүүлөрдө Европанын атынан кимдер катышарын макулдашкан. Түзүлгөн топко ЕБ институттарынын жана беш европалык мамлекеттин өкүлдөрү кирген.

Ошол эле учурда АКШ президентинин күйөө баласы жана сүйлөшүүчүлөрдүн бири Жаред Кушнер Орусия президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков менен да сүйлөшкөнүн билдирди. Анын айтымында, тараптар Европа менен Орусиянын түз диалогун жандандыруу маселесин талкуулашкан.

Кушнердин айтымында, учурда сүйлөшүүлөр үч негизги багытка топтолууда: Украина үчүн ишенимдүү коопсуздук кепилдиктери, өлкөнүн Евробиримдикке кошулуу жолу жана согуштан кийинки калыбына келтирүү маселеси.

Ал эми Кремлдин өкүлү Юрий Ушаков азырынча Москва Европаны расмий сүйлөшүү процессинин катышуучусу катары эсептебей турганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, бул маселе Европа тарап өзүнүн конкреттүү сунуштарын жана максаттарын так билдиргенден кийин гана каралышы мүмкүн.

Буга чейин 12-ноябрда Путин менен жолугушуудан кийин Уиткофф менен Кушнер Москва европалык өкүлдөрдүн сүйлөшүүлөргө кошулушуна каршы эмес экенин билдиришкен. Президент Владимир Путин да ошол күнү Европа менен диалог жүргүзүүгө эч качан каршы болбогонун айткан.

XS
SM
MD
LG