Бишкек шаарына эл ташыганга дагы 1500 миң автобус жетишпейт. Бул тууралуу Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 17-ноябрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин кеңейтилген отурумунда айтты.
Мэрдин сөзү боюнча, ушул тапта борбор калаада 1631 автобус шаардыктарды тейлеп жатат. Айбек Жунушалиев мындан тышкары Бишкекке тар көчөлөрдө жүргөнгө ыңгайлуу 620дан ашык автобус керек экенин, аны сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 500 млн сом бөлүнгөнүн жана 2027-жылдын 20-январына чейин алардын 65и алынып келерин кошумчалады.
Парламенттин депутаты Дастан Бекешев коомдук транспортко байланышкан көйгөйдү бул чечпей турганын айтты.
Бишкекте көп жылдан бери коомдук транспорт негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. 2026-жылдын башынан бери Бишкекте эл ташыган автобустардын катышуусунда 521 жол кырсыгы катталган. Анын ичинен 244ү боюнча коомдук транспорттун айдоочулары күнөөлүү болсо, 272 учурда экинчи тарап күнөөлүү деп табылган. (BTo)
Шерине