ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:44

Кыргызстанда беш жылда электр энергиясын керектөө 25% көбөйдү

Кыргызстан. Энергетикалык көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Энергетикалык көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда акыркы беш жылда электр энергиясын керектөө 25% көбөйдү. Бул тууралуу Энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшү өлкөдө 1000ге жакын жаңы объекттин ишке берилгени менен байланыштуу.

Божомол боюнча, Кыргызстанда 2026-жылы электр энергиясын керектөө көлөмү 19,6 млрд кВт/саатка жетет. Анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкө ичинде өндүрүлөт. Калган 4,1 млрд кВт/саат электр энергиясы суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана суу сактагычтардагы суунун көлөмүн азайтпоо максатында импорттолот.

Учурда Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясы ички керектөөнү толук камсыздай албайт. Ушундан улам өлкө жыл сайын күз-кыш мезгилинде Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Орусиядан электр энергиясын сатып алат. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG