ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

Касымалиев ички карыздын көбөйүшү кооптуу эмес экенин айтты

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ички карыздын көбөйүшү кооптуу эмес экенин, каражат экономиканы көтөрүүгө жана өндүрүшкө жумшалып жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 17-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Камила Талиеванын суроосуна жооп берип жатып айтты. Эл өкүлү Кыргызстанда акыркы жылдары ички карыз кескин өскөнүн, бул боюнча Улуттук банк да эскерткенин айтты.

“Ичтен алынган карыз “Абанкты”, “Элдик банкты”, “Мамлекеттик өнүктүрүү банкын” жана энергетика секторун капиталдаштырууга кетип жатат. Алардан бюджетке дивиденд түшөт. Мамлекеттик программаларга катышкан ишканаларга арзандатылган насыя берилип жатат. Ошолор аркылуу кайра бизге каражат түшүп жатат. Ички карыз мындан ары да алына берет. Болгону пайыздарын азайтуу боюнча иштер жүрөт. Акча өнүгүүгө жана экономикага кетүүдө”, - деди Адылбек Касымалиев.

Финансы министри Руслан Сүйналиев жалпы мамлекеттик карыз боюнча өлкөдө абал туруктуу экенин, ички карыз сом менен алынып жаткандыктан аны төлөөгө келгенде тобокелдиктер жок экенин айтты.

2026-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 10 млрд 371,63 млн долларга жетти. Анын ичинен 5 млрд 96,38 млн доллар ички, 5 млрд 275,24 млн доллар тышкы карыз. Тышкы карыздын көп бөлүгү - 1 млрд 367,68 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

Мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 38,55% түздү.

Президент Садыр Жапаров 21-июлда Фейсбукта жазган постунда Кыргызстандын мамлекеттик карызы жөнүндө талкууга жооп берип, коомчулукту анын көбөйүп кетишине кыжалат болбоого чакырган. Мамлекет башчы мурда сырттан алынган насыя маанисиз багыттарга кеткенин, жаңы алынган карыз өзүн өзү актаган долбоорлорго жумшалып жатканын жазган.

Айрым экономисттер соңку жылдары өлкөнүн ички карызы кескин көбөйгөнүн, кыска мөөнөткө жана жогорку пайыз менен алынып жаткан мындай карыз экономика, мамлекеттик бюджет үчүн кооптуу экенин эскертип келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG