Кара-Суу шаарындагы "Туратали" базарынын соодагерлери соода орундары үчүн ижара акысынын кымбатташына нааразылыгын билдирүүдө. Алар бүгүн, 18-ноябрь күнү Кара-Суу шаардык администрациясынын алдына чогулушту.
Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев чыгып чогулгандардын сөзүн укту. Ал маселе менен тааныш экенин айтып, аны борбордук бийлик менен чечүү үчүн бир күн убакыт берүүнү суранды.
"Бул маселе биздин компетенцияда эмес. Мен чечип бере албайм. Бишкек менен сүйлөшөлү. Эртең саат 12ге ушул жерге келип бергиле, мен сиздерге айтып коеюн, бүгүн эч ким жетишпейт", - деди аким.
Бирок соодагерлер базарды күн сайын жаап келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жоктугун белгилеп, каршылыгын билдиришти.
Айрым соодагерлердин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бүгүн базар ачылган эмес. Алардын маалыматы боюнча, ижара акысы 20 миң сомго чейин көтөрүлөрү тууралуу айтылган.
Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базары октябрь айынын башында Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыял” мамлекеттик ишканасынын курамына кошулган.
Кара-Суу базарынын Фейсбуктагы баракчасына чыккан маалыматта буга чейин түзүлгөн ижара жана башка келишимдер күчүн жоготуп, соодагерлер 10 календардык күндүн ичинде жаңы ижара келишимдерин түзүшү керектиги айтылган.
Кара-Суу базары 1984-жылы түптөлүп, ошол кездеги Киров колхозунан атайын 12 гектар жер бөлүнүп берилген. Базар 1987-жылы ал убактагы Кыргыз керек-жарак коомуна, өлкө эгемен болгондон кийин Ош облустук керек-жарак коомуна өткөн. 1990-жылдардын башында өкмөт аны өзүнө кайтарып алган.
Соттошуулар ошондон тартып башталып, араздашуу ырбаган. Облустук керек-жарак коому базардын жерин “Кыргыз соода биримдигине” саткан. Мүлк фонду базарга Керек-жарак коомунун ээлик кылууга укугу жок болгонун жүйө келтирип келген. (ZKo)
Шерине