ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:34

"Баламды бычакташкан, кечирим жок". Эненин күйүтүн козгогон өтүнүч

Рита Иманалиеванын уулу Кубат Бокоев 2017-жылы 16-апрелде киши колдуу болгон.
Рита Иманалиеванын уулу Кубат Бокоев 2017-жылы 16-апрелде киши колдуу болгон.

Президент Садыр Жапаров Сокулукта эл менен жолукканда Нуркыз Шейшенкулова киши өлтүрүүгө айыпталып, 19 жылга соттолгон күйөөсүнө ырайым сураган. Бирок 2017-жылы киши колдуу болгон жарандын жакындары соттолгон жаранга ырайым болбошу керек деп эсептешет.

"Атайылап киши өлтүргөн адамга ырайымга бербеңиз"

Сокулук районундагы Туз айылынын тургуну Рита Иманалиева 2017-жылы 16-апрелде беде талаасынан киши колдуу болгон 33 жаштагы уулу Кубат Бокоевди эстеп ыйлап отурду. Учурунда бул кылмышка шек саналып кошуна турган ага-ини кармалган.

"Улуу балам барса, беде талаада канга чыланып жатыптыр, он беш жерине бычак жеген байкушум кансырап өлүптүр. Баламдын өлүгүн алып келгенде мага көргөзбөй коюшту, себеби аябай бычакташкан экен, балам менин эсимде "эсен-соо бойдон калсын" дешиптир". Көрсө бул атайын пландалган иш экен. Алар баламды кантип өлтүрүүнү көздөп жүрүшүптүр. Эч кимибиз билген эмеспиз. Талаада мал кайтарып жүргөн жеринен түк кескен чоң бычак менен он беш жерине сайыптыр. Баламдын сөөгүн көргөн эмесмин, бирок кийин көкүрөк жагын тимеле бышып салганын айтышты. Талаасына мал жайылып кетсе эле адамды мыкаачылык менен өлтүрүү керекпи? Айыл өкмөт, участкалык милиция деген бар, ошолорго да кайрылса болмок".

Бул окуядан соң Бокоевдин өлүмүнө айыпталган бир туугандар Рамил Жайчиев 19 жылга, иниси Наргис Жайчиев 16 жылга соттолгон.

Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров Чүй облусунун тургундары менен жолукканда Туз айылынын тургуну Нуркыз Шейшенкулова мамлекет башчыга кайрылып, 19 жылга соттолгон күйөөсүнө ырайым сураган.

Ал күйөөсү маркум менен күрөшө кетип, байкоосуздан сайып алганын, 19 жылга соттолуп, он жылын отуруп койгонун айткан.

"Жолдошум 2,90 гектар жерге беде сепкен. Ошол жерге кошуна байке мал жайып жүргөнү үчүн аны менен уруша кеткен. Байке экөө уруша кетип, жолдошум аны өлтүрүп алган. Ошондо жанында кайним болгон. Ал ажыратайын десе, ит талап, мүмкүндүк берген эмес. Ошол үчүн жолдошум 19 жылга, кайним 16 жылга кесилип кеткен. Эки балам, бир кызым бар", - деген келин.

Мамлекет башчы келинге ырайым сураса, комиссия карап көрөрүн билдирген.

Видеону көргөн маркумдун апасы буга ыза болуп турганын жашырган жок.

Маркум Кубат Бокоев. (Сүрөт жакындарынан алынды)
Маркум Кубат Бокоев. (Сүрөт жакындарынан алынды)

"Эгер капыстан өлтүрүп алса мен деле кечирмекмин. Бул Кудайдан келген ажал деп кечирет элем. Бирок атайылап өлтүрүп атышса, кантип кечирем? Президенттен да суранам, эч кандай ырайым бербеңиз, ишти адилет чечип берүүсүн суранам. Кылган кылмышын мойну менен тартып, жазасын аягына чейин отурсун, президенттен ырайым бербөөсүн суранам", - деди маркумдун энеси Рита Иманалиева.

"Бир туугандардын жаза мөөнөтү 15 жылга азайтылган"

Даттанып келгендер "Азаттыкка" бул иш боюнча бир катар документтерди көрсөтүштү. Анын ичинде соттук териштирүүнүн протоколу жана Жаза аткаруу кызматынын жабырлануучулардын адвокатынын катына берген жообу бар.

Сокулук райондук сотунун 2017-жылдын 27-декабрындагы өкүмүнө ылайык, Кубат Бокоевдин өлүмүнө айыпталган бир туугандар - Рамил жана Наргис Жайчиевдер Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин 6-15-пункттары боюнча "өзгөчө мыкаачылык менен" жана "алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу жасаган" кылмышка айыпталып, 19 жана 16 жылга эркиндигинен ажыратылган. Алар тергөө учурунда отурган бир күнү эки күнгө эсептелген.

Соттук териштирүүнүн протоколунда берилген көрсөтмөлөрдө айтылгандай, алгач киши өлтүргөнүн мойнуна алып, Жайчиевдердин улуусу милицияга өзү барган. Бирок талаада аларды чогуу көргөндөр Бокоев өлтүрүлгөн маалда анын жанында бир тууган иниси да болгонун, анын бутундагы кедасы кан экенин көрүшкөнүн тергөөдө да, сотто да айтып беришкен.

Күбөлөрдүн биринин апасы Токтобүбү Ибраева төмөнкүлөрдү айтты:

"Булар Кубатты өлтүрүү үчүн талаага чогуу барышканын уулум аңызда кой жайып жүрүп көргөн. Дагы бир бала уй кайтарып жүрүп, аларды чогуу көргөнүн, кичүү инисинин бут кийими кан экенин айткан. Эгер менин балам көрбөй калса, агасы "мен эле өлтүргөм" деп, иниси кутулуп кетмек. Президентке арызданып жаткан келин жалган маалымат айтып жатат, капыстан сайып алган эмес, атайын өлтүрүүнү көздөп барышкан. Капыстан болсо кечирбейт белек. Булар Кубатты аңдып, сураштырып жүрүп, айылдан алыс жерде кой кайтарып жүргөн кезде барып, өлтүрүшкөн. Баласынын кайгысына чыдабай эки жылдан кийин атасы да өтүп кеткен. Апасы да жарым жан, баса албай калды. Ошондуктан биз президенттен буларга ырайым бербешин өтүнөбүз. Президентке даттанган келин түрмөдө жаткан күйөөсүнө каттап жүрүп, тогуз жылда үч бала төрөдү. "Жол карагандыкы келет, жер карагандыкы келбейт" дегендей, булар түрмөдө болсо да тирүү, мөөнөтү бүтсө чыгып келишет, биздин бала өлүп кете берди".

Жаза аткаруу кызматынын жабырлануучулардын адвокатына 2026-жылдын август айында берген маалыматына караганда, Рамил Жайчиев менен Наргис Жайчиевдин ишин 2020-жылы Сокулук райондук соту кайрадан караган. Анда сот Жайчиевдин өтүнүчүн канааттандырып, эки бир туугандын жаза мөөнөттөрүн 15 жылга чейин азайткан. Сот токтомуна ылайык, бир тууган Жайчиевдердин жаза мөөнөтү - 2031-жылы 26-июлда аягына чыгат. Ошондой эле токтомдо Кылмыш-жаза кодексинин 88-беренесине ылайык, соттолгондор жаза мөөнөтүнүн төрттөн үч бөлүгүн отургандан кийин - 2027-жылдын 26-октябрынан тартып мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулушу мүмкүн экени жазылган.

"Азаттык" экинчи тарапка да микрофон сунуп, алардын да пикирин берүүгө даяр.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушкан учурда эл эң көп укук коргоо жана сот органдарынын үстүнөн даттанып жатканы айтылууда. Мамлекет башчы бул тууралуу өзү да 21-октябрдагы республикалык кеңешмеде белгилеп, Кыргызстанда сот адилеттиги боюнча маселе бар экенин, аймактарды кыдырып жүрүп элдин арасында ушул нерсени байкаганын, жарандарда адилеттик жок деген түшүнүк бар экенин билдирген.

Президент коррупцияга, кызыкчылыктардын кагылышына, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга жана соттук этиканы бузууга аёосуз чара көрүлөрүн эскерткен.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

​
XS
SM
MD
LG