ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Амирдин өлүмү: ӨКМ сактыкты күчөтөбү?

Коллаж
Коллаж

Электро чокусунда каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнө байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Өспүрүмдүн тоодо жардам күтүп жатып жан бериши Жарандык коом ӨКМди сындап, министрди кызматтан кетирүүнү талап кылган.

Амир Кунакунов сөөгү 9-ноябрда Электро чокусунан табылган. Анын ӨКМге адашып калганы тууралуу кабар берип, жардамды күтүп жатып үзүлгөнү далайдын зээнин кейитти.

Бул окуядан кийин айрымдар өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевден өз эрки менен кызматтан кетишин талап кылышууда.

Бүгүн, 17-ноябрда, министр бул окуя боюнча Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине чакырылып, депутаттардын суроосуна жооп берди.

Канатбек Чыныбаев бул окуя адамдык фактор болгонун айтууда.

Канатбек Чыныбаев
Канатбек Чыныбаев

"Бул кырдаалдан кийин биз иш-аракеттерибизди, маалымат алмашуу боюнча иш-аракеттерди көрдүк. Азыркы күндө ички алгоритмдерди карап чыктык. Бул адамдык фактор болду деп эсептейм. Ошондуктан биз ар кандай окууларды жана даярдык маселесин күчөтөбүз. Азыркы күндө паркка келген жарандарды каттоо боюнча иштерди алып барабыз. Андан кийин алардын ар бирине GPS трекерлерди беребиз. Азыр онлайн система иштелип жатат. Ар бирин каттоого алып, ким кайсы жакка чыкты, ким менен чыкты, көзөмөлгө алабыз”.

Ала-Арча мамлекеттик паркына күнүнө жети миңге жакын адам кирип-чыгат. Өткөн жылдын жети айында эле Ала-Арча капчыгайынан 542 адам куткарылса, алардын 68и чет элдиктер болгон.

2026-жылдын 11 айында 297 адамга жардам көрсөтүлсө, алардын 19у чет элдиктер.

Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова тоо туризмине көңүл буруп, атайын шарттар түзүлүшү керектигин.

“Азаттыкка” берген комментарийинде ал өспүрүм шалаакылык кесепетинен көз жумганын айтты.

Медина Кайрылбекова
Медина Кайрылбекова

"Чындыгында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шалаакылык кетти. Бирок кайсы жеринен шалаакылык кеткени аныктала элек. Азыр эми альпинисттерге колдон келишинче шарт түзүлүп жатат. Бирок туристтердин баш калкалоочу жайлары Ала-Арчада бар экен. Амир калып кеткен чокуда андай жайлар каралбай калган. Биз сунуштарды бердик. Өлкө боюнча альпинисттер көп барып жаткан тоолордо баш калкалоочу жайларды түзүп бергиле дедик. Мындан кийин ушундай учурларда жеке жактарды, альпинисттерди ишке тартуу боюнча да сунуш бердик".

Бул каргашадан кийин ӨКМдин карамагындагы тик учактарды адам өмүрүн сактоого пайдалануу керек деген сындар айтылган.

Депутат Элвира Сурабалдиева жыйында тик учак менен издөө иштери туралуу суроо узаткан. Министр депутаттын суроосуна жооп берип жатып, тик учак менен тоонун чокусуна конуу, түнкүсүн учуу кооптуу экенин айтты.

Жарандык активист Улан Канатбек уулу Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги издөөгө жана куткарууга катышкан кызматкерлерге жакшы шарттарды түзүү керектигин белгилейт.

Улан Канатбек уулу
Улан Канатбек уулу

"Амирдин окуясы боюнча бүгүн министр Жогорку Кеңеште жооп берип, “аба ырайынын шартына байланыштуу тик учак конууга мүмкүнчүлүгү жок эле” деп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жообу мындай болбошу керек. Ошол тик учак тоонун башына барып конбосо да, анын калып калган дареги боюнча изилдөө иштерине барыш керек эле. Тик учакты башкарган учкучтардын квалификациясын жогорулатуу чоң маселе. Ага каражат бөлүш керек. Кечээги окуяда баланын сөөгүн ыктыярчылар издеп табышпадыбы. Издөө иштерине барган кызматкерлерде да маселе жок. Анткени алар башка куткаруу иштеринен кайтып жатышкан да. Мисалы, байланышуучу жабдыктар жок болсо, аларга акча бөлүш керек. Биз туристтерди чакырып жатабыз, бирок куткаруу иштерине көңүл бурбаса, анда алардын келиши деле кыйын болот ".

Быйыл жыл башынан бери өлкөдө 42 өзгөчө кырдаал катталып, андан 42 адам каза болду. Материалдык чыгымы 468 млн 502 миң сомду түзгөн. Өткөн жылы ушул убакта 14 кырсык катталып, 32 адам каза болгон. Маалыматка караганда, быйыл жалпысынан ар кандай 3649 кырсык катталып, 302 адамдын өмүрү кыйылган.

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Амир Кунакуновдун өлүмүнө байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге сөгүш берген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул эле күнү Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асановду жана министрликтин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиевди кызматтан алган.

ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов кызматтан бошотулган. Мындан тышкары, ӨКМдин өзүнөн да комиссия түзүлүп, үч кызматкер убактылуу ишинен четтетилген.


​
XS
SM
MD
LG