УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев “Электро” чокусунда калып каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун жагдайы тууралуу пикирин билдирди. Анын тарапташы Өткүрбек Рахманов Фейсбукка жазгандай, Ташиев Кунакуновду куткаруу операциясын өзгөчө кырдаалдар министри өзү көзөмөлдөп, ыкчам аракеттерге барышы керектигин белгилеген.
«Жогорку жактан буйрук күтпөй, өз алдынча окуя болгон жерге барууга тийиш эле. Ал жакта куткаруу операциясы толук аяктаганга чейин өзү жеке башкарышы керек болчу. Өзгөчө кырдаалдар министри жогоруда аталган аракеттердин баарын жасап, бирок адамды куткарып калуу мүмкүн болбой калса, демек, ал жерде алдын алууга мүмкүн болбогон жагдай болмок. Эгерде ал башкача аракет кылган болсо, анда адам өмүрүн сактап калбаганы үчүн аны жоопкерчиликке тартуу зарыл. Анын үстүнө ошол адам өзү куткаруу кызматына чалып, жардам сураган турбайбы" - деп жазган Ташиев.
7-ноябрдан бери Ала-Арча капчыгайында изделип жаткан Амир Кунакуновдун сөөгү 9-ноябрда табылган. 10-ноябрда Бишкекте анын тажыясы өтүп, жерге берилди.
Жакындарынын айтымында, Амир Кунакунов 7-ноябрда эртең мененки саат 7лер чамасында Ала-Арчада чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн үйдөн чыккан. Уюштуруучулар анын жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырбай коюп, ал Адыгене капчыгайы тарапка басып кеткени айтылган.
Кечке жуук саат 19:00дө ал өзү ӨКМге чалып, адашып кеткенин кабарлаган. Андан кийин байланыш үзүлгөн. ӨКМ “Эдельвейс” куткаруучулар тобу менен ошол күнү 22:00дө гана байланышууга мүмкүн болгонун, ал топ Рацек аймагында эвакуация иштерин жүргүзүп жүргөнүн билдирген. Куткаруучулар тобунун үч куткаруучусу Кунакуновду издөөгө киришкени айтылат.
9-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өспүрүмдү издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган. Издөө операциясына ӨКМдин кызматкерлеринен тышкары альпинисттер, дрон учурган ыктыярчылар жана тик учактар да катышкан.
Баланы издөө иштери боюнча коомчулукта талкуу жүрүп, ӨКМдин дарегине ыкчам аракет болгон эмес деген таризде сын-пикирлер көп айтылып жатат.
Каза болгон бала Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Максат Кунакуновдун уулу. Жаза аткаруу кызматы Кунакуновго уулун узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилгенин 9-ноябрда билдирген.
Шерине