ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Путинге жакын орусиялык миллиардер Тажикстанда ири курулуш долбооруна катышууда

Борис Ротенберг
Борис Ротенберг

Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын деп саналган орусиялык миллиардер Борис Ротенберг Тажикстандын борбору Душанбенин борбордук бөлүгүндө ири курулуш долбооруна катышып жатканын билдирди.

Кеп борбор калаанын Шохмансур районунда курула турган Dushanbe International District көп функционалдуу комплекси тууралуу болууда. Долбоордун жалпы наркы болжол менен 1,5 миллиард долларды түзөт.

Курулуш иштерин орусиялык девелопердик «Алгоритм жизни» тобу негиздеген TAS International Group компаниясы жүргүзүүдө.

Маалыматка караганда, Борис Ротенберг «Росатомдун» объектилерин курууга катышкан «Техатомстрой» компаниясынын 36 пайыз үлүшүнө ээ.

Долбоордун алкагында 29 гектар аянтка турак жайлар, кеңселер, соода борбору, мейманкана жана социалдык инфраструктура объектилери курулат. Комплекстин негизги объектиси 340 метр бийиктиктеги, 77 кабаттуу «Душанбе мунарасы» болмокчу. Бийлик анын курулушу аяктагандан кийин Борбор Азиядагы эң бийик имаратка айланарын белгилөөдө. Курулушту беш жыл ичинде бүтүрүү пландалууда.

Борис Ротенберг орусиялык дагы бир миллиардер Аркадий Ротенбергдин бир тууганы. Экөө тең Владимир Путиндин жакын чөйрөсүнө кирери белгилүү. 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялагандан кийин ага-ини АКШнын санкцияларына кабылган. Борис Ротенбергге карата ошондой эле Европа биримдигинин, Улуу Британиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн санкциялары күчүндө.

​
XS
SM
MD
LG