ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Франция Иранды киберчабуулга айыптады

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэл Барронун айтымында, октябрь айынын ортосунда өлкө боюнча жүздөгөн супермаркеттердин муздаткычтарын иштен чыгарган киберчабуулдун артында Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу турушу мүмкүн.

9-ноябрда министр күнөөлүүлөр аныкталып, аларга жалпы Европа талаптарынын деңгээлинде чара көрүлөрүн билдирди. Ошондой эле Франциянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын элчисин түшүндүрмө берүү үчүн чакырганын маалымдады.

Франциянын Башкы прокуратурасы бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди. Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, шектүүлөрдүн арасында сакчылар корпусу менен байланышы бар делген «Шахед Кавех» аттуу хакердик топ турган.

12-октябрга караган түнкү киберчабуулдан улам Франциядагы жүздөгөн супермаркеттин муздаткыч жана тоңдургуч жабдуулары иштен чыккан. Хакерлер жабдуулардын температурасын алыстан өзгөртүп, кээ бирлерин 50 градуска чейин көтөргөн. Натыйжада көп азык-түлүк жараксыз болуп, дүкөндөр аны жок кылууга аргасыз болушкан. Баштапкы эсептөө боюнча, чыгым бир нече миллион еврого жетиши мүмкүн.

Ушуга окшош чабуулга 2-ноябрда Европанын дагы жети өлкөсүндөгү супермаркеттер кабылган. Мындан тышкары, хакерлер Франциядагы донордук плазма сакталган үч мекемедеги муздаткыч ишин өзгөртүүгө аракет кылышкан. Анда температура −30 градустан +110га чейин өзгөртүлгөнү айтылууда. Бирок кан препараттарынын бузулушуна жол берилген эмес.

​
XS
SM
MD
LG