Кыргызстандагы “Социал-демократтар” партиясынын лидери, жети жылга соттолгон Темирлан Султанбеков жана партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевге кайрылуу жолдоду. 10-ноябрда Султанбековдун Фейсбук баракчасына жарыяланган билдирүүдө алар козголгон кылмыш ишинин жана соттук териштирүүнүн мыйзамдуулугу, бардык жагдайы боюнча териштирүүнү суранган.
Султанбеков менен Атамбаев алардын ишине Европа парламентинин депутаттары, КМШ өлкөлөрүнүн, Чилинин, Аргентинанын, Мексиканын парламентарийлери жана Социнтерн сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдиргенин белгилеп, бир эле кыргыз депутаттары үн ката электигин жазган.
“Депутаттык комиссия түзүп, ишти купуя кылуунун мыйзамдуулугун текшерип, биздин кылмыш ишиндеги жагдайга саясий баа берүүңүздөрдү суранам. Биз тарап болууну же бийликке, сотторго каршы резолюция кабыл алууну суранбайбыз. Кааласаңыз, биздин камалышыбызды жактаган пикириңизди билдириңиз, айтор, өз пикириңизди айтыңыз. Кайдыгерлик менен унчукпоо – бул дүйнөдөгү жамандыктын эң башкы достору экенин унутпаңыз”, - деп жазылган катта.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев же парламенттин басма сөз кызматы билдирүү тууралуу үн ката элек.
Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 8-октябрда Темирлан Султанбековду 4 жылга, мурдагы ишин кошуп, жалпы 7 жылга, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевди 4 жылга абакка кескен. Алар менен кошо айыпталган Эрмек Эрматовдун иши Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесине (Кылмышты жаап-жашыруу) өзгөртүлүп, ал бир жылга пробациялык жаза алып, эркиндикке чыккан. Ал эми Кубанычбек Кадыров толук акталган.
Бул иш боюнча кине коюлган Казакстандын эки жаранынын бири сегиз жылга кесилген. Экинчи казак жараны жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөгөн деп табылып, мекенине депортацияланган.
Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев өкүмдү саясий ишмердиги менен байланыштырып келет. Алардын адвокаттары сот өкүмүнө каршы жогорку инстанцияга даттанарын билдиришкен.
2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.
28 жаштагы Темирлан Султанбеков Социнтерн уюмунун вице-президенти.
Шерине