Жогорку Кеңеш 18-ноябрдагы отурумунда 2027-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2028-2029-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Парламенттин отурумунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баяндама жасап, өкмөттүн мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп берди. Эл өкүлдөрү көбүн эсе мектеп, бала бакча жана автоунаа жолдору боюнча маселелерди көтөрүштү.
Адылбек Касымалиев 2027-жылы Ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмү 2 трлн 736 млрд сомдон ашык болот деп болжолдонуп жатканын, консолидацияланган бюджет 1 трлн 53 млрд сом деп эсептелгенин айтты.
Расмий маалыматка караганда, кийинки жылы билим берүүгө 134,2 млрд сом, саламаттык сактоого 76,4 млрд сом, социалдык коргоого 47,3 млрд сом бөлүнөт. Капиталдык чыгашалардын көлөмү 110,7 млрд сомду түзөт (мамлекеттик бюджет боюнча 137,2 млрд сом). Анын ичинен 80,7 млрд сомдон ашыгы ички булактардын эсебинен каржыланат (мамлекеттик бюджет боюнча 107,3 млрд сом).
Барскоон – Бедел автоунаа жолун курууга 17,7 млрд сом каралган. Социалдык объектилерге, калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга, ирригацияга жана инфраструктуралык иштерге 10 млрд сом бөлүнөт. (BTo)